Тоголок Молдо айылынын мугалимдери Ак-Талаа районуна волейбол боюнча барып 1-орунду камсыз кылышты. Аталган мелдештен Жоробек Сатылганов орто мектепинин мугалимдери кубок менен кайтып келишти.
Ак-Талаа районунда болуп өткөн мелдешке жалпысынан 12 мугалим катышкан. Алардын катарын Америкалык жаш ыктыярчы Колин толуктап барып келди.
Ошондой эле Жоробек Сатылганов орто мектебинин мугалимдери болуп өткөн мелдештерде дагы ийгиликтүү орундарды камсыз кылып келишкен.
Аталган оюнга мектепте чогуу иштеген, бир айылда жашаган эже-сиңдилер да көп жылдан бери мелдештерге активдүү катышып келишет.
Былтыр болуп өткөн райондук мелдеште 3-орун камсыз кылып келишкен.
Быйыл футболдук аянтча курулгандыгына байланыштуу мектептеги окуучулар дагы спротко кызыгуусу күчөп, күнүгө волейбол, футбол ойноп турушат.
Даярдаган: Мусилим Бекмурат уулу
Редактору: Бегимай Бекмуратова
Сынак үчүн