Нарын районуна караштуу Учкун айылына суук түшүп, кыш мезгили жакындап калды. Кышка айыл тургундарынын кээ бири даяр болсо, башкасында даярдык жок. Ушунун негизинде тургундардан кышка даярсызбы? Эгер даярдыгы жок болсо эмне үчүн деген суроолорду узаттык.
Учурда көмүр сатып , отун алып кышка даярданган тургундар көп. Айылдыктардын кээ бири «кыш быйыл катуу болот» деп аябай камданып жатышса, кээ бири тескерисинче «жылуу болот» деп камырабай эле жүрөбүз дешти.
Кубан Карымбаев: «Кышка даярдык жакшы. Көң тартып алдык, отундарды да алып келдим»,-дейт ал.
Кемелжан Абдыжанов: «Көмурдүн 1тоннасын 3000 сомдон алдым. Малдарга чөптөрдү да даярдап, баары даяр. Үйүбузгө от жагып баштадык»,-деди ал.
Жаңыл Эшимбекова: «Кышка даярдык жакшы, азыр күн жылуу болуп, ошого байланыштуу жакшы деле даярдана элекпиз. Отундарды алып, эшик терезелерибизди жылуулап жатабыз. Ошондой эле мен сабак берүүчү класстардын ичи да жылуу, көмүр түшүп, жагылып жатат»,-дейт мугалим эже.
Турсунбек Шамырканов: «Кыштагы эң негизги көйгөй бул жылуулук, ошого байланыштуу баарын камдап жатабыз. Калган жалпы даярдыктар эле катары».- дейт.
Батыш Ускаева: «Кышында болсо айыл жергесинде көбүнчө мал чарбачылык менен алектенебиз. Даярдык абдан жакшы, эл катары. Тоютубуз мол, отун суун камдап алдык, ташкөмүрду сатып алдык. Буюрса кыштан жакшы чыгабыз»,-деди Батыш апа.
Азамат Салыкеев: «Кышка даярдык жакшы. Акча каражаттарын да даярдап алганбыз. Кыш суу болот деп жатышат, ошол үчүн даярдык катуу»,-дейт ал.
Ырыскүл Азыкбаева: «Үйлөрдүн баарын жылууладык. Учкун айылына көмүрдү тынбай сатып жүрүшөт. Алардан көмүр да алдык. Отун, көңүбүз да даяр»,-деди Ырыскүл эже.
Саламат Жусупов : «Эми жакында ккөмүр аллы деп жатабыз. Буюрса баардык жагынан даярбыз»,-дейт ал.
Турсунаалы Жусупов: «Аба ырайынан айтылган прогноздорго караганда быйыл кыш катуу болот, кар калың түшөт деп жатышат. Ошондуктан жакшы дачрдануу керек. Мен даярдыкты эрте эле баштагам. Биз көп бүлөөлү болгондуктан, неберелерим үшүбөсүн деп кышка катуу даярданып жатам»,-деди Турсунаалы.
Таалайкүл Ындыева: «Кышка даярдык жок. Себеби көмүр да кымбат экен, отун суу да даяр эмес»,-дейт ал.
Даярдаган: Айжамал Рысбек кызы, Баян Дүйшөналива, Мунара Бердибек кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы