Нарын районуна караштуу Учкун айылында биринчи жолу футбол аянтча курулууда. Учкундуктар грант утуп алышып, аянтчаны куруу иштери ишке ашырылууда. Жалпысынан курууга 350 миң акча каражаты кеткен. Акча Учкун айылынын тургундарынан чогулду.
Негизи бул аянтча жайында эле курулуп бүтмөк. Акча каражаты тургундардан толук чогулбагандыгына байланыштуу кечирээк ишке берилди. Ушул жуманын аягы менен футбол аянтчаны куруу иштери аяктайт.
Мурун балдар, футболду топурак үстүндө ойносо азыр абдан кубанып, заман талабына ылайык аянтчада ойнойбуз дешип кээ бир окуучулар кубанычтары менен бөлүшүп кетишти.
Кайрат Ишен уулу: » Мен ушул аянтчаны куруп берип жатышкандарга чоң ырахматымды айтам. Дайыма, жаан жааганда баткактан тайгаланганыбызга карабай топ ойночу элек. Бизге жакын Сары-Ой айылына барып, алар менен беттешип, ойноп турабыз. Ал жакка барганда футболдун бир саатына 100 сомдон төлөйбүз. Анткени алардын дагы футбол аянтчалар жаңы курулган»,-дейт футбол күйөрманы.
Көбүнчө биздин мектептин балдары спорт ачнтча жоктугуна байланыштуу коңшу айыл, Пионерге барышып футбол ойношчу. Себеби Э.Токсобаев мектебиндеги балдардын көбү футболго абдан кызыгышып, ар кандай мелдештерди жума сайын уюштуруп турушат.
Мектеп окуучулары азыр ушундай жерде ойноп жатышат.
Аянтчанын курулуп жаткандыгына балдар гана эмес, чоңдорду да кубандырууда.
Ишку Сокурова: » Айылыбыздагы курулуп жаткан аянтча мени абдан кубандырууда. Балдарыбызга абдан жакшы шарт түзүп беришти. Ушундай нерселер көп курулса келечекте мыкты футболчулар чыгышына ишенем»,-дейт Ишку эже.
Жибек Амантурова: «Биздин класстагы балдардын көбү качан болбосун футбол эле ойноп жүрүшөт. Бирок мен футболго деле көп кызыкпайм, негизи менин классымдагы кыздардын баары эле ошодой»,-деди ал.
Учкунстандын кабарчылары иштеп жаткан байкелерден интервю алалы деп барсак, алар суроолорго жооп берүүдөн баш тартышып, интервю бербейбиз дешти.
Даярдаган: Айжамал Рысбек кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызыз
Сынак үчүн