Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында 2014-жылы Абдыласов Асанбек атындагы спорт зал ачылган. Азыркы учурда спорттук иш-чаралар болуп турган сайын грамоталарды, кубокторду өүлөрү каржылап турушат.

Абдыласов Асанбек агай Ак-Талаа районуна каршатуу Кара-Ой айылында1951-жылы мугалимдин үй-бүлөсундө жарк дүйнөгө келген. 1979-жылдан бери мектепте эмгектене баштаган.

Асанбек агайдын балдары мектепте тарых, чет тил, дене тарбия сабактарынан окуучуларга билим берип, мектепте болгон спорттук мелдештерге активдүү катышышат.

Асанбек агайдын уулу Бекназар агай азыркы учурда мектепте дене тарбия сабагынан билим берет. Быйыл жаңы курулган футболдук аянтчаны жетектеп, аларга атайын кружок өтүп келет. Ал өз сөзүндө мындайча баяндады:
» Биз мектепте спорттук иш чаралар болгон сайын атайын жардам көрсөтүп грамота, медаллдарды даярдап берип турабыз. Быйыл футболдук аянтча курулуп мектептеги окуучуларга жакшы болду. ошонун негизинде мен атайын спортко кызыккан окуучуларга спорттук кружок ачкам»,-дейт Бекназар Асанбеков.
Даярдаган: Абаз Эркинбек уулу
Редактору: Бегимай Бекмуратова
Сынак үчүн