“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: «Атом» усулдук аймагынын бир айлыгы башталды

10 Ноябрь 2016 жыл 12:06
Көрүүлөрдүн саны: 113

dsc00864

Э.Токсобаев атындагы орто мектепте 10-ноябрь күнү  » Атом » усулдук аймагынын бир айлык иш чараларынын расмий ачылышы болду. » Атом » усулдук аймагынын бир айлыгы 1-декабрга чейин уланып, ал аралыкта окуучулар менен мугалимдер ар кандай иш чараларды бирге уюштурушат.

dsc00861

» Атом » усулдук аймагынын курамына математика, физика жана информатика сабактары кирет. Аталган сабактар боюнча мугалимдер кызыктуу иш чараларды окуучуларга уюштурушу керек.

Бир айлыктын ачылышын 9-11-класстар жасашты. Алар математика, физика жана информатика боюнча ырларды, кызыктуу маалыматтарды окуучуларга айтып беришти.

dsc00850

» Атом » усулдук аймагынын жетекчиси Анара Мамырканова бизге төмөндөгүлөрдү айтты:

» Биз бир айдын ичинде математика, физика жана информатика боюнча көптөгөн сынак, иш чараларды уюштурабыз. Атом өзүнүн аты айтып тургандай эле бөлүнбөс бөлүкчө. Биз дагы ушул үч предмет биргеликте окуучулардын көнүлүн бура тургандай иштерди алып барабыз. Биз окуучулардын дагы сунуштарын карап жатабыз. Алар дагы бир айлыкты кантип жакшы өткөрүү керектиги боюнча сунуштарын айтууда»,- дейт Мамырканова.

dsc00866

Ал эми бир айлыктын ачылыш аземинин катышуучусу 11-класстын окуучусу Сыймык Алтынбеков иш чараларга активдүү катышаарын айтат:

» Биз быйыл 11-классты аяктайбыз. Ошон үчүн мектептин иш чараларына көбүрөөк катышып, инилерге үлгү болушубуз керек. Буюрса мугалим эжелерге айтчу сунуштарыбыз көп. Бир айлыкка активдүү катышабыз деп ойлойм»,- деди.

» Атом » усулдук аймагынын курамында жалпы мектеп боюнча 7 мугалим иштейт. Ошол 7 мугалимдин ар бири бир айлыкта иш чараларды, сынактарды уюштурууга милдеттүү.

Даярдаган:Тимурлан Асанакунов

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн