“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун Мультимедиасынын кичинекей окуучуларга тийгизген таасири

11 Ноябрь 2016 жыл 9:22
Көрүүлөрдүн саны: 192

dsc00879

Учкун Мультимедиасы ачылгандан тартып көптөгөн кичинекей окуучулардын журналистика тармагына кызыгуусу артты. Себеби kloop.kgнин журналистика мектебинде окуп келген жаңы тренерлер окуучуларга сабак өтүп, аларга коом менен байланышып жаңылыктарды даярдоого шарт түзүп келет.

dsc00881

Өзгөчө мектеп боюнча журналистика тармагына көбүрөөк кичинекей окуучулар кызыгат. Алар азыркы учурда ар кандай техникалар менен иштөөгө жөндөмдүү.

Жаш журналисттерди тарбиялап жаткан Бегимай Бекмуратова журналистикага кызыккандар арбын экенин айтат:

» Мен көбүнчө кичинекей балдарды окуттум. Себеби алар менен иштеген мага жагат. Азыр окуучулар жаңылык жазганды үйрөнүп калышты. Буюрса баардык билген билимибизди окуучуларга үйрөтөбүз»,- деди.

dsc00882

Келечекте өзүн журналист катары көргөн 5-класстын окуучусу Наргиза Жолдошбек кызы:

» Кичинемен бери Элчи болууну кыялданчумун. Бирок тренингдерге катышып журналистикага кызыга баштадым. Келечекте диктор болсом деп кыялданам»,- дейт Наргиза.

Ал эми Жыргалбекова Изольда дагы көптөгөн тренингдердин катышуучусу. Ал бизге берген маегинде өзү келечекте врач болууну каалачу. Бирок азыр врач эмес журналист болом дейт. Журналистика аркылуу көп өлкөнү көргүсү келет.

dsc00883

Мындан бир ай мурун журналистикага катышкан  Саламат Мажик кызы төмөндөгүлөрдү айтты:

» Мурун ата-энеме ырчы болом дечүмүн. Азыр болсо журналист болууну самайм. Себеби журналист көптөгөн көйгөйлөрдү чечип бере алат»,- дейт ал.

 

Азыркы кезде Учкун Медиада жалпы төрт Редактор бар. Редакторлор билген билимин окуучуларга үйрөтүп, жаңылык жазуунун жолдорун көрсөтүп беришет. Жумасына жаш журналисттер Учкун Медиага эки жолу келип жаңылык даярдашат

Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн