“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундун мурунку айыл башчысы кайрадан өз кызматына келди

11 Ноябрь 2016 жыл 14:52
Көрүүлөрдүн саны: 169

dsc00911

Учкун айыл аймагынын мурунку айыл башчысы Касымакун Мамырбаев бир жылдык тыныгуудан сон 10-ноябрда кайрадан өз кызматына келди. Жаңы айыл башчы менен келечектеги пландары, аткара турган иштери тууралуу маек курдук.

Саламатсызбы Касымакун мырза. Иш күнүздү айыл канторун тазалоо иштери менен баштаптырсыз. Иш күнүнүз кандай өтүүдө?

Саламатчылык. Рахмат, иш күнүм жакшы өтүүдө. Ооба кантордун сыртын жамаатыбыз менен тазалап жатабыз. Күз маалында түшкөн жалбырактарды өрттөп, кичине болсо да иштеген жерибизди тазараак кармайлы дейбиз

Айыл башчы болгондугуңуз тууралуу буйрук качан келди?

Айыл башчы болуп негизи 9-октябрда шайландым. Бүгүнтөн баштап ишке чыгып, өзүнөр көргөндөй иш күнүмдү канторду тазалоо менен баштадым.

Айыл башчылык кызматтан кеткенден бери эмне иш менен алек болдунуз?

Эч кандай иштеген жокмун. Бишкек шаарында Президенттин алдындагы башкаруу академиясында бир жыл толук окуп, буюрса окуумду ийгиликтүү аяктадым. Окуум 2015-жылдын октябрь айында башталып, 2016-жылдын ноябрь айында бүттү. Эми минтип окуумду бүтүп мурунку ордума келип иштеп жатам кайрадан эле.

Окууңуз сизге келечекте айылды башкарууга кандай таасирин тийгизет?

Албетте таасирин тийгизбей койбойт. Мен окууда жүрүп элди кантип, кандай жол менен туура башкарууну, айылдык депутаттар менен иштөөнү үйрөнүп келдим. Бул алган билимим айылым үчүн кызмат кылат деп ишенем.

Шаарда жүрүп өз кызматыңызды сагынган күндөр болдубу?

Ооба сагынат экенсиң. Себеби эл менен иштешкен мага жагат. Тигил жактан бир гана окуйсун да. Ошон үчүн кызматты сагынат экенсиң.

Буга чейинки айыл башчы Максат Кулманбетов кандай иштептир?

Жаман деп айтпаймын. Колунан келишинче аракет кылыптыр. Максатты кечээ күнү белегибизди берип жакшы узаттык.

Айылда сиз жокто кандай өзгөрүүлөр болуптур?

Эми мен жокто кандай өзгөрүүлөр болгонун айта албайм чынында. Баягы эле Учкун дегендей.

Келечекте аткара турган пландарыңыз жөнүндө айта кетсеңиз?

Келечеккте суу маселесин чечсем дейм. Азыр айылга суу жетпейт. Жолдор болсо начар. Буюрса жолдорду оңдоо иштери жүрүп жатат. Ал эми жеке жашоого келсек, мен буюрса айыл өкмөттүккө койом. Өтсөм өкмөт болуп төрт жыл иштеп берем, өтпөсөм анда айыл башчы болуп эле иштей бермекчимин айылымда.

Канча жыл айыл башчы болоюн дейсиз?

Негизи азыркы кезде бир адам бир кызматта эки же үч жыл болушу керек. Антпесе корупцияга аралашып кетет эмеспи. Ошон үчүн мен дагы эл үчүн эки үч жыл жакшы иштеп берем.

Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн