“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Мектеп окуучуларынын волейбол оюнуна кызыгуусун кантип жандандырса болот

12 Ноябрь 2016 жыл 13:05
Көрүүлөрдүн саны: 205

dsc00908

Акыркы күндөрдө Э.Токсобаев мектебинде волейбол оюну мурунку жылдарга салыштырмалуу көп ойнолбой калды. Азыркы убакта волейбол оюнун жандандыруу максатында дене тарбия мугалимдери атайын окуучулар үчүн ийримдерди уюштуруп, мектепте кайрадан волейбол оюнун жандандырууну пландашууда

Мектеп курама командасы эки жыл катары менен Өрөөндүк волейбол мелдештеринде жеңишке жетип, Нарын районунун чемпионатында экинчи орундарды камсыз кылып келет. Бирок быйылкы жылы мектептин курама командасы андай чоң мелдештерге катыша албайт. Себеби мектептин туруктуу волейбол курама командасы жок.

dsc00894

Азыркы учурда волейбол оюнун жандандыруу максатында атайын ийримдер ачылган.  Ийримге кыздар жана балдар катыша алат.

“ Жаш муун “ волейбол ийриминин жетекчиси Кубаныч Ибраимов азыр балдардын волейбол оюнуна кызыгуусу былтыркыга салыштырмалуу төмөндүгүн, бирок бир айдын ичинде туруктуу жана күчтүү волейбол курама командасын түзөбүз дейт:

“ Былтыркы курама команда Өрөөндүк волейбол оюнуна барып биринчиликти  алып келишкен. Курама команда эки жылдан бери Нарын райондук чемпионатта экинчи орунду алган эле. Быйыл эмнегедир окуучулардын волейбол оюнуна кызыгуусу жок болуп атат. Ошон үчүн жаңы ийрим ачтым.  Буюрса бар аракетибизди волейбол оюнун мектеп окуучулары арасында өнүктүрүүгө жумшап жатабыз. Жазында боло турчу чоң мелдештерге окуучуларым менен катышууга үмүттөнүп жатам”,- дейт Ибраимов

Учкун айылында жумасына эки жолу айыл жаштарынын волейбол оюну болуп турат. Кээ бир кызыккан окуучулар волейбол оюнун жаштардын тобуна келип ойношот. Кубаныч Ибраимов жаштардын оюнуна келип ойноп туруу окуучулардын тажрыйбасын арттырат дейт.

Мектептин 9-классынын окуучусу Илим Касымакунов эки жылдан бери волейболго кызыгып, мектеп курамасында ойнойт. Ал волейболду мектеп ичинде кантип өнүктүрсө болоорун айтып берди:

“ Мен былтыртан бери мектеп курама командасында ойнойм. Бирок быйыл андай курама команда жоктугунан жакшы ойной элекбиз. Волейболду өнүктүрүүнүн жолу бул окуучуларга дайыма көзөмөл кылып машыктырып , чет жактарга көп алып чыгуу. Чет жактарга дегеним коңшу Куланак айылынын курамасы менен ойундарды көп алып барып, тажрыйба алмашуу. Мектеп ичинде класстар арасында волейбол мелдешин уюштуруп туруу дагы окуучулардын кызыгуусун арттырат. Жакында туруктуу команда түзүлсө жаздагы мелдештерге даярданабыз”,- дейт ал.

“Жаш муун” волейбол ийримине окуучулар жумасына бир жолу келип ойноп турушат. Дене тарбиячылар бул ийрим волейбол оюнун жандандырууга жакшы таасирин тийгизет деп ишенүүдө.

Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу, Ырыскеди Бектурсунов

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн