
Э.Токсобаев орто мектебинде 2015-жылы ок атуу ийрими уюштурулуп, азыркы убака чейин окуучуларды тарбиялап келет. Ийримге 7-класстан 11-класска чейинки окуучулар катышып, класс аралык мелдештерде окуучулар жакшы ийгиликтерге жетишүүдө
Ок атуу ийрими 2015-жылдан бери иштеп келет. Ийримди мектеп мугалими Бакыт Кайыпов түптөгөн.
Ийрим жетекчиси Бакыт Кайыпов бизге төмөндөгүлөрду айтып берди:
» Мылтыкты былтыр 10 миң 500 жүз сомго сатып алгам. Азыр ийримге ар бир класстан 7-8 окуучу катышат. Окторду болсо балдардын деңгээлине жараша берем. Жакында эле Баткен согушуна карата ок атуу мелдешин уюштурдук. Буюрса дагы жакшы мелдештерди уюштурабыз»,- деди.

Жалпы ийримге ар бир класстан жети же сегиз окуучу катыша алат. Ийримдин катышуучусу Рустам Көчөрбаев ийримден ок эле атпастан мылтыктын түзүлүшүн дагы үйрөнөбүз дейт:
» Мен ийримге сентябрдан баштап катыша баштадым. Мага ок аткан абдан жагат. Бизге ийримден ок атканды эле эмес, мылтыктын түзүлүшүн, ок атуу боюнча олимпиадалык чемпиондорду үйрөтүп, кантип туура дем алууларды көрсөтүп берет. Дагы ошондой эле мылтыкты туура колдонуу эрежелерин дагы агайыбыз бизге айтып берет «,- дейт ал.
Окуучулар ийримге жумасына бир жолу келишет. Бирок кээ бир окуучулар ок атууну жакшы көргөндүктөн, көбүрөөк келүүнү каалашат. Алардын бири Бекмырза Нурлан уулу ок атуу мелдеши жумасына үч жолу болсо жакшы болоор эле дейт.
Даярдаган: Тимурлан Асанакунов
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн