“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Мектеп көчөттөрүн окуучулар кышка даярдап жатат

15 Ноябрь 2016 жыл 14:56
Көрүүлөрдүн саны: 176

img_4407

Нарын районуна караштуу Учкун айылында 2016-жылы айыл чарба участкасы уюштурулуп, ал жака окуучулар көптөгөн көчөттөрдү отургузушкан. Азыркы учурда окуучулар көчөттөрдү кышка даярдап, жылуулап, азыгын камдап жаткан кези.

Көчөттөрдү окуучулар 2016-жылдын жаз айында отургузушкан. Ошол убактан бери окуучулар көчөттөрдү өздөрү карап, багып келет.

ajganysh

Сууктун келиши менен азыр көчөттөрду кышка даярдоо иштери катуу жүрүүдө. 11-класстардын ар бир окуучусуна бирден көчөт багуу милдети илинген. Ошон үчүн 11-класстар азыр алма көчөттөрдүн кышкы азыгын камдап, жылуулап жаткан кези.

img_4406

Жер-жемиштерди, көчөттөрдү өстүрүп, алардын өсүшүнө жооптуу биолог мугалими Мурат Сыдыков төмөнкүлөрду айтты

» Кыш келип калды. Ар бир көчөттү жылуулабасак анда кийинки жылы өспөй калат. Ушунча сугарып, баккан эмгегибиз текке кетет. Ошон үчүн азыртан баштап окуучулар кык төгүп, чүпүрөктөр менен ороп кышка даярдап жатат»,- дейт Сыдыков.

murat-agaj

Ал эми көчөттөрдү жылуулап, алардын кышкы азыгын даярдап жүргөн Сыймык Алтынбеков өзүнүн көчөтүнө кык төгүп, аны кышка даярдап жатыптыр. Ал өзүнө бөлүнүп берилген көчөттүн кышында өлүп калышын каалабайм дейт:

» Мен бул көчөттү жазында өз колум менен отургузгам. Каникулда да келип суу куйуп кетчүмүн. Эми кыш келгенде карабай койсом болбойт го. Үйүм абдан алыс. Бирок көчөтүмдүн жакшы өсүшү үчүн бир тачки кыкты алыс жактан сүйрөп келип отурам. Эмгегим текке кетпей көчөтүм жакшы өсөт деп ойлоймун»,- деди.

img_4403

Кээ бир көчөттөр кышка жетпей эле куурап калды. Себеби каникул учурунда кээ бир окуучулар өздөрүнө бөлүнүп берилген көчөттөрдү карабай койгон.

Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн