“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: 105- күзүн тосуп жаткан Анипа апа

15 Ноябрь 2016 жыл 15:20
Көрүүлөрдүн саны: 274

dsc01080
Быйылкы жылы Анипа Баймурзаева 105 жашка чыкты. Мындай 100 жаштан ашкан апа Учкун айылында бирөө гана. Анипа апа 10 баланын, 68 неберенин, 130 дан ашуун чөбөрөнүн энеси.

dsc01077

Анипа Баймурзаева 1911-жылы төрөлүп, анын башынан көптөгөн түйшүктөр өткөнүн белгилейт. Анын мынча жашка келгенинин сыры- жайлоонун таза абасы жана талыкпай эмгектенүүдө болсо керек дейт.

апа (17)

«Мен өзүм 1911-жылкымын. Менин башыман ачарчылык да, согуш да, жокчулук да өттү. Мынча жашка чыкканымдын сыры- жайлоонун таза абасы жана талыкпай эмгектенүү болсо керек»,- дейт Анипа апа.

dsc01073

Учурда Анипа апа кичүү баласы Майрамбек Баймурзаевдин колунда. Келининин билдиргенине караганда Анипа апанын ден соолугу жылдан жылга начарлап келе жатат. Бирок мындай жышка чыккан апа үчүн бул ден соолук жакшы дейт.

dsc01086

«Апамдын ден соолугу мурункуга караганда начарлап калды. Бирок дагы эле эшикке өзү кирип чыгат. Ушунча жашка чыккан адам үчүн мындай ден соолук жакшы болсо керек деп ойлойм. Апабызга карылар күнүндө гана келбесе, башка учурларда жардам көрсөтүлбөйт», — дейт келини Назгүл Калыкова.

dsc01078

Айыл жашоочулармы мындай 105 жашка чыккан апа айылда жашап жатканына сыймыктанышат. Мындай ойду кошуналары да астыктап, «Кылым карыткан айыл энеси» деп атап коюшаарын белгилейт алар.

dsc01080

«Биздин айылда сакалдуу адамдар саналуу эле калды. Ушундай 105 жашка чыккан апабыз бар экенине сыймыктанып, «Кылым карыткан айыл энеси» деп да наам ыйгарып коёбуз», — деп белгилейт кошунасы Дүйшөкүл эже.

dsc01089

Белгилей кетчү нерсе, Анипа апа айрым кезде обон созуп ырдап, келинине да жардам көрсөтүп коюп турат.

Даярдаган: Гүлзар Казиева

Редактору: Бегимай Бекмурат кызы