“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Кыш келди. Биринчи жааган кар Учкундуктарга кандай таасирин тийгизди?

17 Ноябрь 2016 жыл 14:53
Көрүүлөрдүн саны: 174

img_4544

Күз мезгили аяктап, жаңы кыш мезгили босогодон кирип келди. Учкундуктарга кыштын белгиси болгон кардын жаашы кандай таасирин тийгизгендиги тууралуу сурамжылоо жүргүзүп көрдүк

img_4550

img_4552

Айыл тургуну Кубаныч Жанталиев:

— Мен өзүм жаратылышка жакын адаммын. Бүгүн эртең менен турсам жаратылыш укмуш экен. Айлана аппак кар, аба таза болуп өзүмдү абдан жеңил жакшы сездим. Бул биринчи жааган кар кыштын белгиси. Демек кыш мезгили кирип келди.

img_4547

Үй кожойкеси Таалайкүл Казиева:

-Чынын айтайынбы. Мага негизи күз мезгили жагат. Себеби айлана алтын түстө болуп, башка бир дүйнөдө жүргөндөй сезилет. Кыштын келиши албетте өкүнүчтүү. Кар алтындай айлананы ак түс менен басып калды. Эми айла жок кийинки күздү күтөбүз да.

img_4545

Мектеп окуучусу Жылдызбек Жайло уулу:

— Эртең менен сабакка баратсам аябай кар жаады. Асманды карап алып абдан сүйүндүм. Себеби кар жаап жатканда асманды карасаң башкача сезимдер келет экен. Жылгайак деген башталат кышында, ошондой эле жумуш да аз болот дегендей ( күлүп)

img_4549

Мектеп окуучусу Азиз Таалайбеков:

-Кыш келбей жатып эле үшүй баштадым. Бул мезгилде өзгөчө Нарында суук болот эмеспи. Үшүп отуруп эле айлаң кетет кышында. От жаксаң да жылыбайсың го.Жаздын келишин күтөбүз да эми.

img_4554

Мектеп окуучусу Айганыш Адилова:

-Кыш мага таза абасы, аппак айланасы менен жагат. Бул мезгил өтө тез анан көнүлдүү өтөт эмеспи. Бүгүн классташтарым менен кар чабышып жыргадык. Кышкы күндөр көнүлдүү анан эсте калгыдай жакшы өтөт менин оюмча.

img_4546

Кыштын келиши менен өзгөчө Нарын жергесинин тургундарына отун, көмүр маселеси көйгөй жаратат. Учкунстан жүргүзгөн сурамжылоонун жыйынтыгында кышка даяр эмес тургундар да бар экендиги аныкталган. Албетте бул жааган кар отун суусу жок жашоочуларга таасирин тийгизбей койбойт.

Даярдаган: Нурдан Адилет кызы

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн