“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Э.Токсобаев мектебини окуучулары олимпиададан жемиштүү кайтышты

23 Ноябрь 2016 жыл 9:54
Көрүүлөрдүн саны: 105

Жылына бир жолу Республика боюнча өткөрүлүүчү олимпиаданын өрөөндүк баскычына быйыл да Э.Токсобаев мектебинин окуучулары даярдык көрүшүп. Ийгиликтүү орундарды камсыз кылышты.Өрөөндүк олимпиадага Токсобаев мектебинен жалпы он предметтен отуз окуучу катышып. Анын жыйырма жетиси ийгиликтүү орундарды камсыз кылып келишти.

dsc00223

Өрөөндүк олимпиада 29-ноябрь күнү Куланак айылындагы А.Аралбаев атындагы орто мектебинде болду. Көптөгөн жылардан бери баардык өрөөндүк олимпиадалар бир гана Аралбаев мектебинде болуп келет.

Атлаган олимпиядада райондук мелдешке кыргыз тил сабагына Найзабек Мукамбетов, физика сабагына Алтынай Эркинбек кызы райондук мелдеште ат салышмакчы.

Быйылкы 9-классынын окуучусу Жанара Асанкул кызы кыргыз тил сабагынан барып, үчүнчү орунду камсыз кылып келди.

img_4913

«Мен кыргыз тили жана адабияттан барып келдим. Сентябрдын башынан баштап мугалимим Гүлмира Жумагулова эже менен даярданып баштадык. Биринчи жолу бардым бирок менде бара жатканда эч кандай толкундоолор болгон жок, бирок дил баян жазып жатканда ушундай бир калтырап-титиреп атып жаздым. Мени менен чоогуу 5 кыз катышты бирок эч бирине 1чи же 2чи деген орундарды алышкан жок. Себеби баарынын даярдыгы начар деп айтты калыстар тобу. Мен үчүнчү орунду алдым биринчи орун, экинчи орун эч кимге ыйгарылган жок. 5 кыздын арасынан мага эле орун берилди. 3чү орун алганыма шүгүр дейм, капаланган жокмун. Буюрса эмки жылы райондук олимпиадага өтөм деген ишеничтемин. Олимпиада оор эле болду окшойт биринчи 2 саат дил баян, 30 мүнөт 25 суроодон турган тест жана ооз эки болду»,-дейт Жанара Асанкул кызы.

img_4861

 

» Мен орус тил сабагынан бардым.Анан биринчиликти камсыз кылдым.Аябай кубанып жатам»,-дейт Айдай Темирбекова.

Белгилей кетчү нерсе олимпияданын тесттерин районодон келген Искен агай озү тузуп, эч кандай мугалимдерди киргизбей өзү текшерип чыкты.

Даярдаган: Бекмырзы Бекмурат уулу.

Редактору: Бегимай Бекмурат кызы.

Сынак.