“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Э.Токсобаев орто мекбинде каны аз окуучулардын саны көбөйүүдө

25 Ноябрь 2016 жыл 7:49
Көрүүлөрдүн саны: 96

Нарын районуна караштуу Учкун айылында каны аз окуучулар көп учуроодо. Мектептеги окуучулардын 60%ти каны аз окуучулар. Мындай окуучулар менен ФАПта иштеген дарыгер айымдар окуучуларга витамин даарылырды беришип, канды аздуулукту жоюуга аркет кылышууда.

IMG_1332

ФАПта иштеген Замира Базарбаева менен мектептеги каны аз окуучулар жөнүндө маек курдук.

Саламатсызбы! Жалпы айыл тургундарын каны аздуулук боюнча текшерип чыктыңыздарбы?

-Биз азыркы учурда мектептеги окуучуларды ган текшерип жатабыз.Биз дайыма 1айда 2-3 жолу текшеребиз. Себеби айыл тургундары өздөрү келип кайсы жери оорусу текшертип турушат.

Мектептен канча окуучуну текшердиңиздер?

-Мектеп боюнча быйыл 2001-жылкыларды текшердик. А эмдиги жылы болсо 2002-жылкыларды текшеребиз.

Канчасында аз кандуулук бар экен?

-Биз текшергенден 60%тинен көбү каны аз окуучулар көп экен. Себеби булар көп текшерилбей жүрө бергендики.

Аз кандуулуктун кандай коркунучтары бар? Эмнеге алып барышы мүмкүн.

-Аз кандуулук менен ооруган адам алсыз болот, бат чарчайт, өңү купкуу болт. Алар кайсы убак болбосун эс учун жоготуп коюлары мүмкүн. Ошондуктан аз кандуулук абдан оор оорулардын бири.

Кантип дарылаш керек?

-Эми бул ооруну болтурбоо үчүн биринчиден калориясы бар тамактардан көп эмес аз эмес күнүнө бирден жеш керек. Курамында белок, С витамини, А витамини бар тамактарды көп жеш керек. анан биз каны аз окуучуларды атайын пункутка чакыртып, витамин даарылардан 100 штук даары беребиз.

Дары-дармектерди алганга шарты жокторго кандай дарылануу сунуш кылынат?

-Биз каны аз окуучулардын тизмесин алганбыз. Ошондой эле аларды бул жерге чакырып сүйлөшкөнбүз. Бирок кээ бир окуучулар келбей коюушууда. Аларга күндө мектепке келип айттырып ийип жатабыз. Ал эми дары алганга каражатты жокторго убактылуу бекер берип турабыз. Бирок өздөрү деле ден соолугу сак болушун кааласа кээ бир окуучулар өздөрү эле акчасын алап куелишет.

Каны эң аз окуучулар кездешип жатабы?

-Ооба.  9-классынын окуучусу канынын гемоглабини 20га түшүп кетип, азыркы учурда Бишкек шаарында даарыланып жатат.

Даярдаган: Мусилим Бекмурат уулу.

Редактору: Бегимай Бекмурат кызы.

Сынак үчүн.