“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Сүрөт баян: 34 жылдык өмүрүн эмгек сабагына арнаган Бактыгүл Айдакеева

25 Ноябрь 2016 жыл 15:56
Көрүүлөрдүн саны: 289

img_4937

Э.Токсобаев мектебинин эмгекке үйрөтүү мугалими » Баатыр эне »  Бактыгүл Айдакеева 34 жылдан бери 5-9-клаасстардын окуучуларына кол эмгек сабагынан берип келет. Бактыгүл айымдын өзүнчө кол эмгек бөлмөсү бар жана ал бөлмөдөн 34 жылдан берки окуучулардын  эмгектерин кездештирсе болот

img_4943 Кол эмгек бөлмөсүнүн уюшулгандыгына отуз жылдай убакыт болду. Ушул аралыкта Айдакеева мыкты делген окуучулардын эмгектерин чогултуп келет.

img_4948

Бактыгүл Айдакеева көбүнчө окуучулар улуттук оймо-чиймелерге кызыгып, кийиз менен көбүрөөк иштешээрин айтат.

» Мен бул кабинетти 30 жыл мурун ачканмын. Бул жакта мыкты делген окуучулардын эмгектери бар. Мен аларды эстелик катары сактап жүрөм кийинки окуучулар да көрсүн деп. Кудайга шүгүр айылда ууз кыздар, уста балдар арбын. Алардын жасаган эмгектери жерде калбасын деп бөлмөгө көргөзмө катары койдүм. Жылда бөлмөдөгү начар буюмдардын ордуна жаңы жакшы буюмдарды койуп турабыз. Көбүнчө окуучулар кийиздер менен буюмдарды көп жасайт. Себеби мен аларды ошол нерсеге көп үйрөтөмүн»,- дейт Айдакеева.

img_4964

Бөлмөдө кыздар жана балдардын эмгектери өзүнчө бөлүнүп турат. Себеби кыздар кийиз менен иштесе балдар жыгачты колдонуп буюмдарды жасайт.

img_4954img_4940

Мектептин 5-классынын окуучусу Карима Болотова:

» Бактыгүл эже бизди көп нерсеге үйрөттү. Азыр сайманы сайганды кичине үйрөнүп калдык. Биз да мектепке, бул кол эмгек бөлмөсүнө эстелик катары жакшы буюмдарды таштап кетебиз»,- деди.

img_4938

Окуучулар Кыргыз Республикасынын символдорун жана кооз тарыхый жерлерин сайма менен сайып чыгышкан

img_4961

Бактыгүл айым мындан алты жыл мурда кол эмгек боюнча обласстык » Жаш Талант -2010 » кароо сынагында өзүнүн окуучусу менен биринчи орунду алган болчу. Анын окуучулары азыр дагы » Жаш Талант » сынагына катышып байгелүү орундарга жетишип келет.

Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн