Э.Токсобаев мектебинде 26-ноябрь күнү » Биз спидге каршыбыз » аталышындагы 9-11-класстар арасында волейбол оюну боюнча мелдеш болду. Мелдешке төрт команда катышып, жыйынтыгында «Мектеп чемпиону» наамы 11-класстардын » Ак шумкарлар » командасына берилди.
Жаңы окуу жылы башталгандан бери мындай масштабдагы мелдештер өткөрүлбөй, балдардын волейболго кызыгуусу начарлап кеткен. Ошол максатта мектептин дене тарбия мугалимдери 1-декабрь Спид күнүнө карата волейбол боюнча мелдешти өткөрүштү.
Мелдештин уюштуруучусу Ибраимов Кубаныч аталган мелдеш балдардын волейболго кызыгуусун жандантаарын айтат:
» Мен быйыл волейбол боюнча мектептин курамасы жок болуп калат го деп корктум эле. Бирок мелдештин жүрүшүндө мен ойной турчу балдар көп экенин байкадым. Бул мелдеш окуучулардын волейболго кызыгуусун арттырды. Мен муну ишенимдүү айта алам. Эми туруктуу мектеп курамасын түзүп, алдыдагы чоң мелдештерге даярдана баштайбыз»,- деди.
Мектептин жаңы чемпиондору аталган 11-класстын окуучулары бул жеңишти алуу алар үчүн оңой болгонун айтат. Себеби алардын катарында чоң оюндарда ойноп жүргөн балдар да бар.
Чемпиондукка аз гана кадам жетпей калган 9-класстын окуучусу Рустам Жээнбек уулу калыска кичине нааразымын дейт:
» Биз күчтүү болчубуз. Бирок калыс кичине тартып койду каршы командабызга. Антпесе жеңишке мүмкүнчүлүк бар болчу. Бирок эч нерсе эмес, кийинки мелдештерди сөзсүз жеңебиз»,- деди.
Аталган мелдеште 9-класстын » Жаш муун » командасы экинчи орунду алса, 10-класстар үчүнчү орунга ээ болду.
Даярдаган: Рустам Көчөрбаев
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн