“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Футбол боюнча » Алтын команда » наамы бүтүрүүчүлөргө ыйгарылды

29 Ноябрь 2016 жыл 8:16
Көрүүлөрдүн саны: 70

img_5057

Нарын районуна караштуу Учкун айылындагы Э.Токсобаев мектебинде 1-декабрь Спид күнүнө карата футбол боюнча  » Алтын команда » мелдеши болду. Мелдеш 28-ноябрь күнү беш команданын катышуусуусу менен өтүп, жыйынтыгында » Алтын команда » наамына 11-класстар ээ болду.

img_5052

Аталган мелдешке Токсобаев мектебинин 7-11-класстарынан беш команда ат салышты. Мурунку мелдеште 8-класстарга биринчи орунду алдырып ийген 11-класстын окуучулары бул жолкусунда жакшы ойун көрсөтүп, биринчиликти алганга жетишти.

muke

» Алтын команда » мелдешин мектептин футбол ийримин жетектеген дене тарбия мугалими Мурат Сыдыков уюштурган. Сыдыковдун айтымында азыркы окуучулардын көбү спорт тармагына кызыгып, мындай мелдештерге активдүү катышып жаткан кези экен:

» Мен өзүм футбол ийримин жетектеп келем. Айылдагы чоң балдар волейбол ойносо окуучулар футбол ойношот. Ошондуктан аларга мелдештерди уюштуруп берүү керек. Бул Спидге каршы уюштурулган мелдеш жакшы өттү деп ойлойм. Буюрса ушул жуманын аягында дагы ушундай деңгээлдеги мелдешти уюштуралы деп жатабыз»,- деди.

img_5062

» Алтын команда» наамын алган 11-класстын окуучулары бул жеңишине кубанып жаткан кези. Себеби алар эки жылдан бери дайыма финалдык баскычтан биринчиликти каршылаш тарабына уттуруп жиберген.

Мелдештин «мыкты чабуулчу» наамынын ээси 11-класстын окуучусу Темирлан Тойунбеков бул оюндарда каршылаштын дарбазасына беш гол киргизип, командасына жеңиш алып келди. Темирландын айтымында бул жолку мелдешке мыкты делген оюнчулар менен барганын айтат:

» Мурун көп жолу финалдан биринчи орунду алдырып ийгенбиз. Себеби жакшы ойногон кээ бир балдарыбыз оюнга келбей койгон. Ал эми бул жолу жакшы ойногондорду чогултуп келип биринчиликти алдык. Бул биздин көптөн бери күтүп жүргөн жеңишибиз болду»,- дейт ал.

Футбол боюнча мелдештер Токсобаев мектебинде айына эки жолудан уюштурулуп турат. Себеби бул оюндун түрүнө кызыккан окуучулар арбын. Кийинки мелдеш 5-декабрь күнү болоору айтылууда.

img_5053

28-ноябрь күнү эшик суук болду. Кээ бир окуучулар үшүгөнүнө байланыштуу мелдешти аягына чыгарбай кетип калды.

Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн