“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылынын тургундары өзүлөрү акча чогултушуп жолдорду оңдоп жатышат

30 Ноябрь 2016 жыл 15:22
Көрүүлөрдүн саны: 79

img_3740Нарынын районуна караштуу Учкун айылынын жергиликтүү тургундары айылдагы жолдорду оңдоп жатышат. Көчөсү начар тургундардын ар бири 2000 сом акча каражатынан чогултушуп шагылдарды төктүрүшүп, жолдор оңолууда.

dsc00610

Оңдолгонго чейин көчөлөрдүн чукур болгондугунан машинелер араң өтүшчү. Азыр ал тургундар абдан кубанышып, жолдон оңой эле өтүшөт. Кээ бир тургундардын  «такси чакыртсак, биздин көчөгө алар келбей  коюшчу» дешти.

img_5248

Бул иш мындан бир ай мурун башталган. Шагылдар 7 километр жерге төгүлдү. Айылда абалы начар жолдор көп болгондуктан шагылдар дагы төгүлөт, бирок кыш келип, күн сууктугуна байланыштуу эмки жылга чейин жумуштар токтотулат.

Кызматына жаңы келсе да көп иштерди бүтүруүгө дагы болгон аракетин жумшайм деп жаткан  айыл өкмөт Касымакун Мамырбаев: «Шагылдар 7 километр жерге төгүлдү. Тургундар өз чөнтөгүнөн 2000 сомдон чыгарышты. Буюрса эмдиги жылы дагы төгөбүз деген ойдомун. Шагылдарды жайган адамдарга бир үйдө мисалы ар бир үйдүн мүчөсүнө 7 киши болсо ошонун  бешине 45 кг ун жана 4л май берилет. Иштеген тургундарга ун жана майлар Азык-түлүк программасынан берилет. «,-деди айыл өкмөт.

img_5264

img_5235

Айыл тургуну Төрөгелди Баялиев кубанычы менен төмөнкучө бөлүшүп өттү.» Биздин айылдагы мен жактагы көчөгө аягына чейин төгулдү. Негизи айыл тургундардын арызы менен кайрылышып айыл башчы колдоп төгулүп жатат. Ушунун ишке ашышы абдан жакшы нерсе болду да. Өзүбүз акча чыгарып, жетпеген жерлерге чейин шагылдарды жеткирип алдык»,-деди ал.

Кабарчылар барганында кээ бир үйүлгөн шагылдар жайыла элек экен. Үстүлөрү катып бирок күн жылып берсе эптеп жаябыз дешти тургундар.

img_5251

img_5222

Чынара Мамбетова: «Мен абдан сүйүнүп жатам. Жолдор оңолуп кичине ээн эркин басып калат экенбиз. Биз баскан жол абдан жаман, чуңкурлар абдан көп болчу. Азыр буюрса оңдолуп жатат. Мурун машине да келбеген жолдорго эми баары келип баштайт. Мындай иштер биздин эле көчөгө эмес дагы көптөгөн жерлерге төгүлүп, оңдолуп жатат»,-дейт.

Оңдолгон көчөлөрдүн азыркы абалы тургундарды кубантууда.

img_5241

Шагылдар айылдын четинен ташылып келип жатат. Бир камаз түшүргөн шагылга 1000 сом кетет.

Даярдаган: Качик кызы Акылай

Редактору Жанара Асанкул кызы