“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Жаңы ыкма менен уюштурулган Акыл ордо таймашы

30 Ноябрь 2016 жыл 10:30
Көрүүлөрдүн саны: 117

img_5181

Э.Токсобаев атындагы орто мектебинде » Атом Усулдук » аймагы  Акыл Ордо таймашын биринчи жолу техниканын жардамы менен уюштурду. Мурунку  таймаштарда баардык суроолорду алып баруучу берсе, бул таймашта техника алып баруучунун милдетин аткарды

img_5180

Таймаш 30-ноябрда болуп, ага мектептин 8-классынан жалпы алты окуучу катышты. Алты окуучунун арасынан 8-класстын окуучусу Эрнист Эркинбек уулу бул таймашта каршылаштарына караганда көбүрөөк упай чогултуп, таймаштын жеңүүчүсү болду.

Суроолор «Атом» усулдук аймагына кирген математика, алгебра, физика, информатика предметтеринен түзүлгөн.  Себеби азыркы учурда Усулдук аймактын бир айлыгы жүрүүдө.

img_5172

Акыл Ордо таймашынын уюштуруучуларынын бири информатика мугалими Гүлзада Сатарова суроолордун баардыгын компьютер аркылуу түзүп чыккан. Анын айтымында бул таймашты кийин Өрөөндүк деңгээлде да өткөрөбүз дейт:

» Акыл Ордо жакшы болду. Келген мугалимдер абдан макташты. Эми бул таймаш жаңы ыкма менен уюштурулду. Баардык суроолорду компьютер аркылуу гана бердик. Муну минтип таштап койбой Өрөөндүк деңгээлде өткөрүүнү ойлонуштуруп жатабыз»,- деди.

Э.Торксобаев мектебинин тарыхында бул Акыл Ордо таймашы жогорку жана өзгөчө уюштурулган сынактардын катарына кирди.Себеби уюштуруучулар суроолордун баардыгын компьютер аркылуу гана беришти.

img_5185

Таймаштын жеңүүчүсү 8-класстын окуучусу Эрнист Эркинбек уулу бул жаңы ыкма менен өткөн мелдеш ага жакканын айтат. Анын айтымында буга чейин мындай таймаштар болгон эмес:

» Суроолор компьютерден берилгенде абдан таң калдым. Себеби мурунку таймаштарда суроону алып баруучу берчү. Мага таймаш жакты. 8-класстын арасынан биринчи орунду алуу деле чоң ийгилик деп ойлойм»,- дейт ал.

» Атом » Усулдук аймагынын бир айлыгы 1-декабрда бүтөт. Бул таймаш менен усулдук аймактын бир айлыгы жыйынтыкталды.

Кийинки Акыл Ордо таймашын Гүлзада Сатарова декабрь айында 9-11-класстар арасында өткөрөөрүн кошумчалап кетти .

Даярдаган: Рустам Көчөрбаев

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн