“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Э.Токсобаев мектебинин жамааты жөө жүрүшкө басышты

1 Декабрь 2016 жыл 13:55
Көрүүлөрдүн саны: 265

img_5329Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Э.Токсобаев мектебинин мугалимдери жана окуучулары СПИД күнүнө карата жөө жүрушкө чыгышты. Мындай жүруш биринчи жолу уюштурулуп жаткандыктан, окуучулар ураан-чакырыктарды, ар кандай плакаттарды көтөрөрүшүп, 2 кмдей жол жүрүштү. 

img_5346

Э.Токсобаев мектебинин директорунун орун басарынын айтымында: «Аталган жүрүш коңшу айылдарда да болгон. Алардын окуучулары бир айылдан экинчи айылга барышып, абдан  убара болушту. Бирок алар да биз сыяктуу дарыгерлерден түшүндүрүү иштерин угуп кайра айылдарын кайтышты»,-деди Нурсултан Асанбеков.

Мектептен чыккан окуучу жана мугалимдер Учкун айылынын башына чейин барышыты. Мындай нерсени көп деле көрбөгөн айыл тургундары сүйүнүп, көпкө чейин бизди карап турушту. Келе жатканда оорукананын дарыгерлери жана мугалимдер окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, жөө жүрүш аяктады.

img_5451

Жүрүшкө 9-10-11 класстын окуучулары жана  мугалимдер катышты. 11:00до башталган жүрүш, 13:00до аяктады. Жүрүш учурунда окуучулар эрежени сакташып, эч кандай тартип бузуулар болгон жок. Айыл тургундары да атайын окуучуларга тоскоол болушпай машинелерин токтотуп бизди өткөрүп жатышты.

img_5443

Э.Токсобаев мектебиндеги «мектеп парламентинде» иштеген милициянын жаш жардамчы окуучудлары жол коопсуздугун карап, ар бир жүрүшчүлөр баса турган жерлерге турушту. Кээ бири чыныгы милициядай эле машинелерди токтотушуп, айдоочуларга «бир аз токтоп турунуз» дешип тушүндүрүп да жатышты.

СПИДге каршы көптөгөн иш-чаралар уюшулду. Мисалы: 6 класстар аралык шамдагайлар оюну, СПИД туурасында дил баяндар сынагы, жогорку класстар аралык футбол жана балейбол оюндары болуп өттү. Жакында 10 класстар театр да коюшат.

img_5467

Директордун орун басарынан кабарчылар эмне үчүн мурун бир да жолу мындай жүрүштөр такыр болгон эмес? жана бүгүнкүсү кандай деңгээлде өттү деген суроолорду узаттык. » Жөө жүрүш жакшы деңгээлде болду. Биринчи уюштурулуп жаткандыктан кандай болду экен деп абдан сарсанаа болгом, бирок башкалардын айтымында жакшы болуптур, мен да сүйүнүп калдым. Окуучулар тартип бузбай жакшы барып келишти. Келе жатканда айылдын ооруканасына барышып, окуучулар кенен маалымат алышты деп ойлойм. Алар да абдан жакшы смаалыматтарды беришти. Мурун да уюштурабыз деп жатышкан бирок, колго алган киши жок болгон»,-дейт директордун орун басары.

dsc00332

Жүруштүн катышуучусу Гүлжигит Төлөбек уулу: «Биз плакаттарды өз колубуз менен жазап көтөрүп чыктык. «көчөдөн биз СПИДге каршыбыз» деген ураан мнене айылыбыздын башына чейин барып кайра келдик. Мындай нерсени айыл туругндары да биринчи жолу көрүп жатышкандыктан абдан кызыктуу болду»,-дейт Гүлжигит.

img_5455

СПИД жана жүрүш туурасныда оорукананын башчысы Замира Базарбаева мындай деди: «Бул өтө коркунучтуу дарт. Чекесинен жеп отуруп, адамды өлүмгө дуушар кылат. Мектептеги кичине окуучулардан баштап баарыгерлер бул оору кайдан жугат ошолорду түшүндүруп бериш керек. Учурда биздин даарыгерлер кош бойлуу аялдарды текшерүүдөн тынбай өткөрүп жатабыз, себеби бул оору энеден балага да жугушу мүмкүн. Биздин мектепте эң мыкты деңгээлдеги СПИд күннө карата жакшы иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Муну менен кошо мугалимдер менен дарыгыгерлердин ортосунда мыкты байланыш түзүлүдө. Окуучулар мурун жөө жүрүшкө чыкчу эмес, мектептерге эле барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп койчубуз. Мунусу өзгөчө болду. Көчөдө окуучулар лозунгаларын көтөрүп жүрүшкөндө, кичинекей баладан баштап чоң кишиге чейин бул оору жаман оору экенин билип алышты. Жөө жүрүштүн пайдалуулугу, мааниси жакшы деп эсептейм.Ушул жөө жүрүштү мындан ары да уланта деле берсек болчудай экен»,-деди дарыгер эжебиз.

dsc00327

Мектептин 9 классынын окуучусу Кайрат Ишен уулу бул оору туурасында мурун көп деле биле бербегенин, билип алган соң эми үйдөгүлөргө да айтам деп жаткан учуру. «Мен чынын айтсам бул ооруга деле көп маани берип, сыналгыдан деле көрчү эмес экенмин. Бул коркунучтуу дартты билип абдан коркуп калдым. Бизге дарыгерлер да көп маалымат берди. Мага жүрүш абдан кызыктуу болду, себеби биринчи жолу болуп жатпайбы»,-дейт ал.

img_5425

Жүрүштө окуучулардын маанайы да абдан көтөрүлүп, ураандарды айтышып, кээ бири дагы бир күнү сөзсүз чыгабыз деп жатышты. Кээ бир жолдон өтүп бара жатышкан айдоочулар да машинелеринен баштарын чыгарып алып карашып, азаматсынар деп өтүп жатышты. Бул сөздөр окуучуларды келечекте да ушундай жүрүштөрдү кылуусуна шыктандырды.

img_5434

Жүрүштү көргөн мектепти бүткөндөр да, биз менен бирге ураандарын айтышып жүрүштү.

Даярдаган: Аяна Урмат кызы

Редактору: Асанкул кызы Жанара