
Нарын районуна караштуу Учкун айылында таштанды төгүүчү жерлердин аздыгынан жергиликтүү тургундар таштандыларын тыюуу салынган жерлерге төгүп келет. Айыл башчылык тыюуу салынган жерлерге таштанды төккөндөргө 500сомдук айып пул салганы менен, ал нерсе деле таштанды маселесин чече алган жок
Таштандыларды төгүүгө айыл башчылык атайын жер бөлүп берген. Бирок айыл чоң болгондуктан кээ бир тургундар шартына жараша алыс жака бара албай, тыйуу салынган жерлерге деле таштанды төгүп келишүүдө.

Учкун айыл башчысы Касымакун Мамырбаевге бул маселе боюнча кайрылганыбызда:
“ Мен бир жылдык тыныгуудан соң жаңы жумушка чыгып олтурам. Мурун негизи таштандыны тазалоо үчүн акча каражат бөлүнчү. Жаңы жумушка чыгып жатканыма байланыштуу азыр эч нерсе дей албаймын. Бирок Учкундуктарга таштанды төккөнгө жер бергенбиз. Менин билишимче таштандыларды ал жака төгүшпөйт экен. Таштандыларын биз бөлүп берген жерге деле төгүшсө жакшы болоор эле”,- деди.
Ал эми айыл тургуну Асыранкул Мамбетовдун айттымында жаз айында, төгүлгөн таштандыларды айыл башчылык тазалайт экен:
“ Быйыл жазында айыл башчылык таштандыларды түрттүрүп тазалатып жаткан. Негизи айылдык тургундар таштандыларын тыюуу салынган жерлерге деле төгүүдө. Эмне кылышмак эле анан. Таштанды төккөн жер кээ бир тургундарга аябай эле алыс. Айла жок төгүп жатышат да”,- дейт.

Асыранкул байкеге таштанды кайсыл жака төгөсүз деп суроо бергенибизде ал дагы элге окшоп эле тыюуу салынган жерге төгөөрүн айтты.

Учкун Медианын волонтеру Рустам Көчөрбаев таштандысын Көк-Жардын аңына төгөт. Анын айтымында таштанды төгүүчү жер алыс болгондуктан таштандымды ушул жака төгөмүн дейт:
“ Таштанды төккөн жер биздин үйдөн алысыраак жайгашкан. Ал жакка өзгөчө кышында баруу кыйын. Ошон үчүн жакыныраак Көк-Жардын аңына таштандыларды төгөбүз. Ошол жакта жашагандардын баардыгы эле төгө беришет таштандыларын. ”,- дейт ал.

Бир ай мурун каналдын жээги таштандылардан тазаланды. Мурун каналдын жээгине тургундар таштанды төгүп келсе, азыр ал жакка төккөн тургун 5000 сомдук айыпка тартылат. Айыл тургуну Кубаныч Жанталиевдин айтымында ушундай тазалоо жолдору менен гана маселени чечсе болот дейт:
“ Качкынбай аталар каналдын жээгин өздөрү каржылап тазалаптыр. Көрүп алып абдан кубандым. Ал жакка таштанды төккөндөргө беш миң сом айып тагылат экен. Азыр эч ким төкпөй калыптыр. Эл деле андай тазалап койгон жерге төккөндөн уялса керек. Ошондуктан биринчи тазалап анан төкпө деп айталы. Айыл өкмөттү карап отура бербей Качкынбай аталардай болуп биз деле тазаласак жакшы болмок. Ошондо бул маселени кичине болсо дагы чечмекбиз ”,- дейт.
Азыр айылдыктар тыюуу салынган беш алты жерге таштанды төгүүдө. Бул маселени кантип чечээри жөнүндө айыл башчылык бизге толук маалымат бере элек.
Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн