Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Анарбек Токтомбаев 18-жылдан бери сүрөт жана чийүү сабактарынан сабак берип келет. Анын тарткан сүрөттөрү 1 жыл мурун 500 болсо, азыр алардын саны 1000ге чукулдады. Ал тарткан сүрөттөрүн сатпастан, сурагандарга дайыма белек катары тартуу кылат.

Сүрөткө болгон шыгы жаш кезинен жаралып, азыр да улантып келет. Анын бул өнөрү чоң атасынан калган.
Анарбек агай Чуйковский атындагы көркөм сүрөт окуу жайын бүткөн. Өзү эле эмес анын балдары да бул кесипке абдан кызыгышат. Ал Э.Токсобаев мектебиндеги жалгыз чийүү жана сүрөт сабагынан берген мугалим.
Нарын драм театрында 4 жыл сүрөтчү болгон. Андан кийин облустук байланыш бөлүмүндө сүрөтчү. Кийин гана Учкун айылына мугалим болду.
«Сүрөтчү болуу оюма да келген эмес, себеби жаш кезимде эле архитектор болом дечүмүн. Андан соң ал пландар өзгөрүп сүрөтчү болдум. Биринчи тарткан сүрөтүм ваза болчу, ал дагы эле эсимде. Мен бул кесипти тандаганыма эч өкүнбөйм»,-деди ал.

«Сиз тарткан сүрөттөрүңүздү эмнеге сатпайсыз? сатуу менен деле киреше тапса болот да» деген сурообузга төмөнкүчө жооп берди.
«Мен саткым келбейт, себеби ал өз эмгегим, өз колум менен жаралган нерселер. Мага өзүмдүн эле айлыгым жетет. Эгерде сүрөттү акчага тартып бер дегендер болсо, акчасын албай эле жөн гана белек катары тартуулап берем»,-дейт.

Анарбек агай сүрөттү абдан жакшы көргөнүн төмөнкү сөздөрүнөн байкасак болот.
«Сүрөт тартып жаткан учурларда менде кандайдыр сезимдер пайда болуп, өзүнчө эле ойго батып, берилип кетем. Бул да өзүнчө касиет. Себеби сүрөт менин жан дүйнөмдү ээлеп алган. Бош убактымда жалаң сүрөт тартуу менен алекмин.»
Үй бүлөсү да анын бул өнөрүн жогору баалашат . Жубайынын айтымында «мындай талант бир жаралат» дейт.
Анын айтымында көбүнчө сүрөттөрү жаратылыш темасына арналган.
«Мага Учкун айылынан гана эмес коңшу айылдардан да ар кандай темадагы буйрутмалар келет. Эгер үй ичи тынч болбосо сүрөттөрүмдү жакшы тарталбай калам. Мыкты сүрөт чыгыш үчүн тынччылык керек»,-дейт ал.
Агай келечекте дагы көптөгөн шакирттерди тарбияласам деп ойлойт. Учурда ал шакирттерин да даярдап жаткан учуру. Анын таркан сүрөттөрү мектептерде, кошуналарында көп. Азыр 5 окуучусу бар.
Даярдаган: Ишен кызы Гүлкайыр
Редактору: Асанкул кызы Жанара
Сынак үчүн