“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундагы жергиликтүү дептаттарды шайлоонун жүрүшү

7 Декабрь 2016 жыл 14:07
Көрүүлөрдүн саны: 190

Нарынын районуна каршатуу Учкун айылында  2016-жылдын, 11-декабрында жергиликтүү депутаттарды шайлоо күнү болот. Бул туурасында айылдагы №40-52 шайлоо участкасынын төрайымы Майрам Мүдүнова менен маек курдук.

img_5525

Саламатсызбы! Учкун айылында канча шайлоочу бар?  

-Саламатчылык! Жергиликтүү кеңешке шайлоочулар өзүнчө 1540 шайлоочу бар, ал эми референдумга өзүнчө тизме келген 1485 шайлоочу.

Алардын канчасы шайлоого катыша алышат?

-Шайлоочулардын баары шайлоого укуктуу бирок паспорт, учет, жаңы келип жаткан келиндер, шаардан тышкаркылар шайлай алышпайт. Калаганын баары шайлоого катышууга болот.

Азыр канча адам каттоодон өттү?

-Болжол менен 1400 адам өтту.

Шайлоого канча жаштан баштап катыша алышат?

-18-жашка толгон, паспорт адикардттары барлар.

Жергиликтүу депутаттарды шайлоо канча жылда бирден өткөрүлүп турат?

-4-жылда бирден.

Канча адам өзүлөрүн талапкерликке койду жана алардын билими барбы же жергиликтүү активист тургундарбы?

-18 киши депутаттыка талапкерлигин коюшту. Арасында билими бары да жогу да бар. Сөзсүз түрдө билими бар аган эмес, жашоочулардын ичинен өзүлөрүн көргөзгөндөр боло алышат.

Бир адам канча талапкерге добуш берсе болот?

-Учкун айылында жашоочулардын саны көп болгондуктан бизге он мандат берилиптир, бир адам 10 го чейинки талапкерге добуш берсе болот. Эгер добуштары 10дон ашып кетсе жокко жыгарылат.

Каттоо учурунда  тартип бузуулар болгон жокпу?

-Жок эч кандай тартип бузуулар болгон жок. Ар бир келген киши тизмелерин таап алышып,  тынч эле кетишти. Тизмеде аты жоктор арыздарын жазышты.

Канча комиссия мүчөлөрү бар жана алар эмне кызмат аткарышат?

-Алардын саны 11. Жергиликтүү тургундардан түзүлдү. Комссия мүчөлөрү атайын дежурствого турушуп, келген кишилер тизмеден атын таба алышпаса аларга жардам кылышып, ар кандай кызматтарды аткарышат.

Айылдык кеңешке талапкер болгондор кандай талаптарды аткарышы керек?

-Аларга карата атайын деле талаптар жок. Өзүлөрүнүн платформаларын тааныштырсын деп айыл өкмөт тарабынан айтылды. Шайлоодон өткөндөн кийин, кандай маселелер болсо ошолорду чечишет да.

Эгер шайлоонун жыйынтыгында талапкерлер, же эл макул болбосо жыйынтык жокко чыгарылабы?

-Эгер элдер каршылыгын билдирсе шайлоодон кийин аны чечебиз. Бирок алдын-ала айта албайм.

Маегиңизге рахмат!

Даярдаган: Асанкул уулу Орозбай 

Редактору: Алмаз Эшбаев