
Нарын районуна караштуу Учкун айылында жашаган Азиз Таалайбеков быйылкы тоок жылына карата корооздун айкелин муз менен жасоодо. Азиз бул айкелди быйылкы бүтүрүүчүлөрдүн жаңы жылдык кечесине карата жасап жатканын айтты.

Азиз Таайлайбеков Токсобаев мектебинин 11-классында окуйт. Ал эки жылдан бери кыш айында ушинтип муздан ар кандай айкелдерди жасап турат.

Быйылкы жыл тоок жылы болгондуктан, Азиз корооздун айкелин жасоону чечкен. Ал төрт күндүн ичинде корооздун айкелин жасап бүтүрдү.

Азиз кичинесинен айкелчилик өнөргө кызыгып, эки жыл удаасы менен өрөөндүк Жаш Талант сынагында биринчиликти багынткан.

Анын айтымында бул жасаган айкели бир гана классташтарына арналат:
“ Мен кичинемен баштап эле чополор менен адамдардын айкелин жасап келем. Кээде мага мугалимдер окумуштуулардын, улуу адамдардын айкелин жасаттырат. Ал эми муз менен айкел жасоону мындан эки жыл мурун үйрөнгөм. Быйылкы жасаган айкелимди бир гана классташтарыма арнаймын. Себеби алар менен 11 жыл чогуу окудум. Бул айкелди жаңы жылдык кечеде классташтарга белекке беремин”,- деди.

Быйыл Азиз корооздун жанына кыштын белгиси болгон пингвиндин айкелин кошо жасап, 31-декабрда Нарын шаарынын борбордук аянтына алып чыгаарын кошумчалады.

Азиздин атасы айыл тургуну Таалайбек Аманкулов баласынын бул өнөрүн колдойт. Келечекте Таалайбек мырза баласынан чоң айкелчи чыгаарына ишенээрин айтты:
Балам кичинесинен баштап эле чоподон бир нерселерди жасай берчү. Мурун маани берчү эмесмин. Азыр чын эле анын айкелчилик таланты бар экендигин сезип атам. Буюрса балам бул өнөрдү тыштабай алып кетишине колдон келген жардамды кылабыз. Бир нерсеге гана сарсана болуп атам. Балам кой десем болбой, ушул суукта жылаңач колу менен айкелди жасады. Суук тийип калбаса экен деп коркуп атабыз ”,- дейт.


Былтыркы жылы Азиз маймыл жылына карата Горилланын айкелин муздан жасаган. Ошонун аркасынан ал Учкун элине жаш айкелчи катары таанылып калган болчу.
Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн