“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Коен жана көгүчкөдөрдүн түрүн баккан айыл тургуну

15 Декабрь 2016 жыл 14:53
Көрүүлөрдүн саны: 129

img_6155Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тургуну Тургунаалы Борбиев коен, көгүчкөн жана тооктун жаңы түрүн багат.  Азыр коендорунун саны 15 болсо, көгучкөндөрүнүкү 20га жакын.  Коендорду айыл тургундары албагандыктан, өз кызыкчылыгы үчүн багат. 

Учкун айылында коен жана көгүчкөн баккан жалгыз гана Тургунаалы ата.  Анын баласы 2-жыл мурун 3 коенду жана көгүчкөндөрдү 200 сомдон Бишкектен сатып келген.

img_6182

“Буларды алып келип багуу менин баламдын ою болчу. 2-жыл мурун сатып келген, буюрса азыр алардын саны жылга көбөйүүдө. Кээде коендорду  союп жейбиз, калганы турат,  ошол себептен да саны аз.”

Ага бул жаныбарларды эмне себептен алып келдиңиз эгер союп жесеңиз? Деп суроо узатканыбызда төмөнкүчо жооп берди.

“Негизи айыл тургундары атайын келип деле коендорду сатып алышпайт. Булард болсо киши албайт эч ким кызыктар эмес. Ошол үчүн буларды жөн гана өз кызыкчылыгыбыз үчүн пайдаланабыз десек да болот”,-дейт ал.

img_1968

Айыл тургуну Азамат Салыкеев: «Ушундай жаныбарларды багуу эң эле кыйын деп ойлойм. Алардан пайда көп деле түшпөгөндөн кийин, күнүңкү тамагына эле канча нерсе кетет. Андан көрө бакпаганы деле бир четинен туура деп ойлоп кетем»_,дейт ал.

img_6243

Тургунаалы атада “бурама” тоок деп аталган тооктун жаңы түрүн да бар. Анын өзгөчөлүгү жумуртканы кыш мезгилинде да берип турат.

Мектеп окуучулары да Тургунаалы атанын мындан ары бул ишин кеңейтсе абдан жакшы болмок дешти. Алардын бири 9 класстын окуучусу Чыныбай Алманбет уул төмөнкүлөрдү айтты.

img_6298

«Негизи биздин айылда мындай коен жан көгүчкөн баккан адамдар такыр жок. Бул атага айыл өкмөт тарабынан да жардам берилсе кичине жакшыраак болмок. Учурда биз үйдөгүлөр сүйлөшүп, коендорду сатып алууну ойлонуп жатабыз, аздан көп кылып аларды өстүрсө деле болот да»,-дейт Чыныбай.

Келечекте кыла турган пландары ушул коен жана көгүчкөндөрдүн санын дагы көбөйтүп, чет жактарга чыгарып сатуу.

Даярдаган: Аяна Урматбек кызы

Редактору: Жанара Асанкул кызы

Сынак үчүн