“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун: Жаңы айылдык кеңештин депутаттарынын кандай иштерди аткарышын каалайсыз?

16 Декабрь 2016 жыл 10:26
Көрүүлөрдүн саны: 80

img_1953

Нарын районуна караштуу Учкун айылында 11-декабрь күнү жергиликтүү депутаттарды шайлоо болуп, жыйынтыгында он адам депутаттык мандатка ээ болду. Учкундун тургундары жаңы депутаттардын кандай иштерди аткарышын каалары тууралуу сурамжылоо жүргүзүп көрдүк.

img_4552

Айыл тургуну Кубаныч Жанталиев: Азыр айылда көйгөйлөр көп. Жаңы он депутат сугат суу маселесин чечип берсе жакшы болмок. Кээде жайында суу тийбей, талаш болот. Ушул маселени чечип берет деп ишенем.

img_5467

Мектеп мугалими Нурсултан Асанбеков: Мына жаңы жыл жакындап калды. Жакында жаңы жылдык кечелер башталат. Мектепте бир жылдан бери колонкалык опораттын жоктугунан, ар кимдикин сурап колдонуп жүрөбүз. Колонка алууга каражат дагы жетишпейт, кымбат экен. Депутаттар кичине бюджеттен ушуга акча бөлүп берсе жакшы болоор эле.

img_1996

Жеке ишкер Турсунаалы Жусупов: Мурун арыкка суу кенен келчү. Быйыл эмнегедир арыктын суусу да тартыш болду окшойт. Суунун башы жырылып кетип эле айылга суу келбей калат. Депутаттар ушуну чечип берсе экен.

img_1984

Соодагер Ырыскүл Азыкбаева: Биз жашаган жерде таза суу маселеси көйгөйлүүрөөк. Себеби бирде суу чыгып, бирде чыкпай эле кыйнай берет. Суу маселесин депутаттар быйыл чечет деп ишенем.

Айыл тургуну Кемелжан Абдыжанов: Эми албетте таза суу маселесин биринчи орунда чечиш керек. Бирок башка деле чече турчу көйгөйлөр көп. Мисалы жайыт маселесинде деле көйгөйлөр бар чече турчу.

Фермер Азамат Салыкеев: Быйыл жолдор оңолду кичине. Бирок дагы оңдой турчу жерлер бар. Жол маселесине дагы бюджеттен акча бөлүш керек депутаттар.Себеби айылда техникалар арбын.

Жеке ишкер Турсунбек Шамырканов: Огороддорду сугарганга быйыл айылда арыктын суусу тартыш болду. Кээ бир элдин огороддогу картошкалары суунун тартыштыгынан өспөй калган экен. Ошондуктан бул маселени депутаттар карап көрүшөт деп ойлойм.

Айыл тургуну Саламат Жусупов: Биздин айылда таза суу жаман кыйнап койгоно калды. Же суу чорголор оңчулуктуу иштебейт бузулуп калып эле. Жаңы депутаттар жаңы суу чорголорду салып, эскиргендерин алмаштырышса деп ойлойм.

Үй кожойкеси Таалайкүл Казиева: Башкасын айтпай эле койойун ушу таза суу маселесин чечишсинчи. Себеби биз таза суу деп көбүрөөк кыйналдык окшойт.

Үй кожейкеси Рыскүл Мукашова: Ушу кыш келгенден баштап эле таза суу маселеси кыйнап жиберет. Сууну алыстан балам ташып турат. Бирок ушул суукта суу алуучу жайдын алыстыгы, бизге чоң эле көйгөй болууда. Сууну чечип беришсе эле болот эле депутаттар. 

Көптөгөн тургундар депутаттардын суу маселесин чечишин кааларын айтты. Себеби айыл эли көптөн бери таза суунун тартыштыгынан кыйналып келет.

Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн