“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундагы жергиликтүү кеңешти шайлоодо кимдер депутаттык мандатка ээ болду?

16 Декабрь 2016 жыл 12:26
Көрүүлөрдүн саны: 98

aken

Нарын районуна караштуу Учкун айылында жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоо 11-декабрда болуп өттү. Он сегиз талапкерден он адам жергиликтүү кеңештин депутаттыгына шайланды  

Учкун айыл өкмөтү эки айылдан турат. Айыл өкмөттүн курамына кирген Куланак айылында өзүнчө жергиликтүү шайлоо болуп, он бир адам депутат болсо, Учкун айылында он адам депутаттык мандатка ээ болду.

Учкун айылында жаңы шайланган он депутаттын тизмеси:

  1. Кылыч Курманов ( 347 добушка ээ болуп, биринчи орунду камсыздады)
  2. Бакыт Кайыпов ( 292 добуш менен экинчи орунду ээледи)
  3. Шамурзаев Догдурбек
  4. Үсөнов Рысбек
  5. Токсобаев Жээнкул
  6. Орозалиев Абас
  7. Карабалаев Мирбек
  8. Макеналиев Бердибек
  9. Мурсалиева Бурулсун
  10. Абдылдаев Молдобурай

Бул жаңы шайланган депутаттардын арасында мурунку кеңештин депутаттары дагы бар. Алар экинчи орун менен өткөн Бакыт Кайыпов жана үчүнчү орунда өткөн Шамурзаев Догдурбек. Депутаттардын арасында аял кишиден Бурулсун Мурсалиева гана мандатка ээ болду.

Шайлоо Э.Токсобаев мектебинде өттү. Токсобаев мектебинин чатырынан суу тама бергендиктен, 11-декабрь күнү шайлоо бөлмөсүндө чатырдан тамчы таамп, кээ бир шайлоочулар нааразычылыгын билдирип жатты.

Былтыркы жылы Учкун айыл өкмөтүнөн эки айылдан он бир гана депутат шайланган. Быйыл калктын саны алты миңден ашкандыктан, эки айылдан жалпы жыйырма бир адам Учкун айыл өкмөтүнүн депутаты болду.

Даярдаган: Рустам Көчөрбаев

Редактору: Алмаз Эшбаев

Сынак үчүн