“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылынын мугалими сабакты өзгөчө метод менен өттү

19 Декабрь 2016 жыл 12:53
Көрүүлөрдүн саны: 139

img_6312

Нарын районуна каршатуу Э.Токсобаев орто мектебинин баталгыч классынын мугалими Динара Касымалиева окуучуларга орус тил сабагын эшикке өттү. Окуучулар орус тил сабагынан эшикке  чыгышып кардан кар кишилерди жасап, ар кандай оюнчуктар менен кооздошту.

img_6324

Динара эже  «Зимные забавы» деген темада эшикке сабак өттүштү. Окуучулар сыртка чыгып өз колдору менен кар киши жасап, ар кандай оюнчуктарды жасашкан.
img_6351

» Мен «Зимные забавы» деген темада сабак өттүм. Мен буга чейин класста сабак өткөндө окуучулар сүйлөм түзө албай кыйналышкан. Эми алар өз колдору менен кар кишилерди, оюнчуктарды жасап өз ойлорун эркин билдирип бере алат деп ойлойм. Себеби, окуучулар өзү жасаганын билет «мен кардан муну жасадым, карды алып келидик, кар киши жасадык» деген сыяктуу сүйлөмдөрдү өздөрү түзүшөт. Биз буларды бүгун гана жасадык үчүнчү сааттан кийин кун жылып калган маалда»,-дейт Динара Касымалиева.

 

Бул иш чараны көрүп келген Жанара Асанкул кызы бул идея жаккандыгын белгиледи:

img_6309

» Мен бул иш чараны өтүп жатканына абдан кубанып жатам. Мага жакты, биз да жогорку класстар ушул кичинекей балдардан үйрөнуп ушундай сыяктуу иш чара өтүшүбуз керек экен»,-дейт бул иш чаранын көрүучүсү.

img_6314

Жалпысынан төртүнчу классынын үч классын тең окуучулары бул иш чарага катышышты.

img_6320

Ар бир класс озгөчө идеялар менен кар кишилерди кооздоп, мектептин көркүнө көрк кошкон.

Бул сабакты эшикке өткөндөн кийин окуучулар класска кирип эмнелерди жасаганын, кантип жасагыны туурасында сүйлөм түзүшөт.

Белгилей кетчү нерсе Динара эже бул иш чараны бүткөндөн кийин төртүнчу класстар арасында мектептен сырткары жаңы жылдык кече коёрун билдирди.

Даярдаган: Изльда Жыргалбекова.

Редактору: Бегимай Бекмурат кызы.

Сынак үчун.