“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Шырдак жазап Германия өлкөсү менен кызматташкан ишкер айым

24 Декабрь 2016 жыл 13:25
Көрүүлөрдүн саны: 117

img_2050Нарын районуна караштуу Учкун айылынын тугуну кийзиден ар кандай нерселерди жазайт. Долбоор менен аялдарды окутуп, акысына азык-түлүк жана акча төлөп берет. Учурда Германиядан заказ келип, аны менен алек.

Элизат Самсалиева 5-жылдан бери кийизден ар кандай улуттук нерселерди жазайт. Ат-Башы гесиндеги «Кыргыз корпоративи деген» жерден шырдак жазоо боюнча окуп келип, азыр алар менен биргеликте иш алып барат.

Учкун айылында  чакан ишканалардан «жүн иштетүүчү» цех бар.  Элизат эжедей шырдак жазаган ишкерлерден бироө гана.

img_2072

Анын айтымында иштеген келиндер алган акчасына нааразы.

«Мен жаш кезимде эле чоң апамдан үйрөнгөм. Айылдагы шырдак жана башкаларды жазоого кызыккан, шыгы бар келиндерди атайын долбоор менен иштетем. Аларды 10 күн атайын окутканбыз. Иштеген акысына ун, май жана шырдак жазаганына жараша акча төлөнүп берилет. Бирок алар акчаларына нааразы. Себеби кээде жазган нерселерибиз өтпөй калып, акчалар кеч берилет»,-дейт ал.

Самсалиева ар кандай фестивалдарга катышып, 10дон ашуун сертификат, дипломдордун ээси.

img_2069

«Мен Ат-Башыда өткөн «Кыргыз шырдагына»  «Оймо фстивалына»катышкам, андан кийин «Көчмөндөр оюнуна атайын баарыбыз биригип, чоң боз-үй жазаганбыз ал үчүн гран при утуп алдык»,-деди ал.

img_2037

Элизат эжеден жакында эле жогорку кеңештин депутаты Самаков Карганбек кийизден жазалган өтпөй калган жана жаңы жасалгаларынын баарын алып кеткен. Себеби ал нерселерди чет жактан келген туристтерге сатат.

Учурда ал Учкун айылынын тургундарына жөрмөм, шырыктарды берип, акысына акча төлөп берүүдө.

img_2036

 

Азыр заказдар көп болуп, Германия менен кызматташып алардан шырдак ар кандай буюмдарды жазоо сунушу келген.

«25-декабрда Бишкекке барып, жазаган нерселерибизди Германияга жөнөтөбүз. Биздин Бишкекте атайын дүкөнүбуз бар, ошолор аркылуу товарлар Германияга кетет»,-деди ал.

Келечекте Элизат эже бул ишин дагы кеңейтип, алыскы өлкөлөргө шырдактарын көргөзкүсү келет.

Даярдаган: Анжелика Касымакун кызы

Редактору: Жанара Асанкул кызы

Сынак үчүн