Нарын районуна караштуу Учкун айылынын Эшбай Токсобаев орто мектебинин 1-класстан 4-класска чейинки мектеп окуучулары «Жаңы жылдык майрамды» өткөрүштү. Аталган майрамга окуучулардын ата-энелери, жогорку класстын окуучулары бул майрамга күбө болуп кетишти.
Бул майрам Учкун айылынын өйдөңку мектебинде болуп өттү.
Ар бир класс быйылкы жыл «тоок» жылы болгондугуна байланыштуу ар турдуу кастюмдарды кийип чыгышты.
Жылдагыдан айырмаланып ата-энелердин саны аз болуп, майрамды көрүп, баа берип отурган мугалим эжелерден мектептин орун басары Элизат Токтолиева эже болду.
Бул туурасында директордун орун басары Элизат эже мындайча баяндады:
» Негизи быйыл «Жаңы жылдык майрамды» эртерээк кылууну чечтик. Бугун башталгыч класстын окуучулары коюп бутушсө эртең 28-де 5-10-класстар коюшат. Негизи быйыл көбүнчө окуучулардын көңүлү жок болуп жаңы жылга жакшы деле даярданган жок. Кызыгып келгендер деле жок болду»,-дейт Элизат эже.
Аталган майрамда атайын садиктин тарбиячы эжелери кызыктуу жомок коюп беришти.
Ар бири ар кандай жаныбарлардын кастюмдарын кийип көрүучүлөргө жагымдуу маанай тартуулашты.
Бул майрамга анча деле даярбаган да окуучулар болгон. Бул туурасында 4-классынын окуучусу Сактан Чортонов мындайча баяндады:
«Мен бул «Жаңы жылдык» кечеде ак шоола балдар үлгүлү ансамбльиндеги чыр баланын ролун аткардым. Бирок мен бул майрамга анча деле катшыкым келеген болчу. Бирок ата-энелерим болбой койгонуна байланыштуу катыштым»,-дейт Сактан.
Мындан сырткары мектептин парламентти өзүлөру уюшулуп, ар турдүу жан жаныбарлардын кастюмдарын кийип, жылдагыдан өзгөчөрөк кылып беришти.
Белгилей кетүүчү нерсе мектеп парламентти мындан сырткары лотария уюштурушуп, бир билетти 15сомдон сатышты.
28-декабрда латария ойнотуп, утуп кеткендерге ар кандай белектерди беришет.
Редактору: Бегимай Бекмурат кызы.
Даярдаган: Калыс Төрөгелди уулу.
Сынак үчүн.