Учкун айылындагы Э.Токсобаев мектебинде 26-декабрдан тарта жаңы жылдык балаты кечеси коюла баштады. Балаты майрамы 29-декабрда 11-класстардын кечесинен соң жыйынтыкталмакчы.
Балаты майрамына 1-класстан 11-класска чейинки мектеп окуучулары катышат. 26-декабрь күнү Токсобаев мектебинин эски корпусунда 1-4-классстардын балаты майрамы болуп өттү.
Ал эми 5-11-класстардын балаты майрамы 27-декабрдан 29-декабрга чейин Исмаилов Жумадил атындагы Спорт залында болмокчу.
Быйылкы балаты майрамын коюууга бүтүрүүчүлөрдөн башка класстарга жыйырма мүнөт убакыт берилген. Бүтүрүүчү 11-класстарга андай чектөө коюулган эмес. Себеби тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары Элзат Токтоналиева бүтүрүүчүлөрдүн мектептеги акыркы кечесине убакытты чектей албасын айтат:
“ Негизи бардык класстарга 20 мүнөт убакыт бергенбиз. Бирок 11-класстарга андай чектөөлөр болгон жок. Себеби бүтүрүүчүлөрдүн бул балаты майрамы, мектептеги акыркы өткөргөн жаңы жылдык майрамдардын бири. Ошондуктан аларга чектөөлөр болбойт. ”,- дейт.
Былтыркы бүтүрүүчүлөргө балаты майрамын коюууга бир күн толук убакыт берилген. Быйылкы бүтүрүүчүлөгө дагы балаты майрамын өткөрүүгө бир күн убакыт бөлүндү.
Балаты майрамында техникалык көйгөйлөр жаралууда. Кээде музыкалык колонка бийлеп же ырдап жатканда өчүп калып жатат. Себеби Токсобаев мектебинде эки жылдан бери музыкалык колонканын жоктугунан, бул маселе чечилбей келет.
Даярдаган: Бекмырза Нурлан уулу
Редактору: Алмаз Эшбаев
Сынак үчүн