“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Аба-ырайы кандай болоорун аныктаган 85 жаштагы Токтогул ата

3 Январь 2017 жыл 13:47
Көрүүлөрдүн саны: 136

Нарын районуна караштуу Учкун айылынын сексен жашка таяп калган тургуну жылдыздардын жардамы менен кундун кандай болоорун билип келет. Күндүн кандай болоорун Ай жана жылдыздардын кандай жайланса ошого жараша күнду аныктап келет.

dsc00048

Амакулов Токтогул ата он беш жылдан бери өзүнүн үй-бүлөөсүнө, кошналарына, туугандарына эртеңки күн кандай болоорун аныктап айтып келет.

Биз Аманкулов Токтогул ата бул «Өнөрдү кайдан жана кимден үйрөнгөндүгун» билиш үчүн Токтогул ата менен маек курдук.

Мындан эки жыл мурун Токтогул ата күндүн кандай болоорун азыркыдан караганда жакшы билчу деди Токтогул атанын жубайы.

Саламатсызбы! Сиз канча жылдан бери жылдыздар менен күндүн кандай болоорун далилдеп келесиз?

-Салматчылык! Мен күнду аныктап жатканыма көп эле болуп калды. Болжол менен он сегиз жашымдан баштап айтып баштагам.

Бул өнөрдү кимден үйрөндүңүз?

-Мен өзүмдун атамдан үйрөнгөм.

Кантип билесиз күндүн кандай болоорун?

-Мен аба-ырайына карайм. Аба-ырайы оң болсо оң, сол болсо сол болот. Негизинен жылдыздардын жайланышынан билем. Алар аба-ырайына жараша алмашып жайланышып турушат.

Сиз бизге Эртен күндүн кандай болоорун айтып бере аласызбы? Эртенкикүн кандай болот?

Бүгүн күн кандай болсо эртен да ошондой болот. Ай чалкасынан жатат, аябай эле чалкасынан жатып калыптыр. Ай менен Чолпон жылдыз тогошуп турат. Демек эртен кар жаабайт. Кун бүркөө болот.

Сиз Бишкектеги атайын аба-ырайын билип турган адистер менен байланышкансызбы?

-Жок. Байланышкан эмесмин. Себеби биз анда тоодо телевизор дегенди билбейбиз. анда кээ бир үйлөрдө эле бар болчу. Телевизор, радио дегендерди көрчу эмесбиз анда.

Даярдаган: Гүлжигит Төлөйбек уулу.

Редактору:Бегимай Бекмурат кызы.

Сынак үчүн