Нарын районуна каршатуу Учкун айылынын тургуну А.Атамбаевден «эн жаш баатыр эне» наамын алган. Учурда үйүндө 12 адам жашайт. Кээде аларга тамак-аш жана кийимдер жетишпей калат.
Учкун айылында мындай баатыр энеден бирөө гана. Нурзия Чегирткеева 34-жашта 7 баланын апасы. Үйүндө туугандарынын да балдары бар алар менен жалпы 12.
» Алмазбек Атамбаевдин колунан алтын төш белгини 2015-жылы алгам. Абдан сүрдөдүм. Биздин үйдө менин жолдошум иштейт анын тапкан акчасына тамак-аш алабыз, балдарды аз да болсо кийинтебиз. Кайненем менен кайнатам пенсия алышат бирок алар акчаларын өздөру алышат. Өзүлөрүнүн дарыларынан бизге акча деле ашпайт»,-деди Чегирткеева.
Нурзия эженин айтымында кээде акча кеч тийип, үйдө тамак жетишпей калган күндөр болгон. Андай учурларда көбүнчө дүкөнгө карызга жазылат.
Баатыр энеге сизге мамлекет же айыл өкмөт тарабынан жардам берилеби? Эгер берилбесе эмне үчүн деп ойлойсуз? деген суроолорду узатканыбызда төмөнкүчө жооп берди.
«Мага эч кандай жардамдар көрсөтүлбөйт. Бирок кичине жардам беришсе жакшы болот эле көп баланы багуу деле кыйын да. Эмнеге жардам беришпейт ал жөнүндө деле ойлонбоптурмун»,-деп белгилеп өттү.
Балдарына көп учурда өз колу менен кийимдерди, байпак, топуларды өз колу менен түйүп берет.»Мен көпчүлүк учурларда кийим деле сатып бербейм. Интернеттен карап кыздарыма кооз топуларды түйүп берем»,-дейт ал.
Даярдаган: Айжамал Рысбек кызы, Мунара Бердибек кызы
Редактору: Жанара Асанкул кызы
Сынак үчүн