“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Кыргызстандын билим министри Учкунда болуп өттү

20 Январь 2017 жыл 14:16
Көрүүлөрдүн саны: 250

IMG_8470 Билим министри Гулмира Кудайбердиева Нарын шаарындагы бардык мектептептрди кыдырып Учкун айылынын Токсобаев мектебине келди. Себеби Нарын абдан суук болгондуктан каникулду кайрадан узартуу же окууну кайра улантуу маселесин талкуулашып мектептин абалы менен таанышышты. 

Гүлмира Кудайбердиева менен келген текшерүүчүлөрдүн биринин айтымында салынган мектептердин көпчүлүгү тар, жаңы салынганда начар салынган жана көпкө чейин турбайт деди.

Ошондой эле андай мектептердин катарына биздин мектеп да кирээрин белгилеп өтүштү. Себеби Э.Токсобаев мектебинин үстү начар салынгандыктан, кар эригенде тынбай тамчы тамат. Жана мектептин салынышы начар экенин да белгилеп өтүштү.

IMG_8486

«Мектептин мурунку директору Казыбек Эсенгулович бул маселел боюнча бир нече жолу районага кайрылып көргөн. Бирок бул үчүн чоң каражат керек болот же болбосо мектепти жаңы салуу керек. Мурун мектеп салынып жатканда туура эмес ченелип калган. Аны оңдоо үчүн 47млн акча керек. Жана муну оңдоо үчүн долбоордун өзүнө да акча каражат керек.»

IMG_8496

Мектеп бөлмөлөрүн текшерүу учуранда кол эмгек кабинетинин жетекчиси Бактыгүл Айдекеева окуучулардын колунан жасалган белектерди аларга тапшырды. Ар бири даярдалган белектердин өзүнө жаккандарын тандап алышты.

Токсобаев мектебинин мугалимдери менен кеңешип суук катуу болгондугуна байланыштуу каникулду дагы узартуу маселесин талкуулашты. Башка мектептерге да барышып алар менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, балдарды таратуу маселесин карап чыгабыз дешти.

IMG_8481

Мугалимдер каникулду дагы узарталы деп ойлорун айтышты. Бирок учкундун бала-бакчасы күндүн суугуна карабай барып жатышса окуучулар деле мектепке барышсын дешти (күлүп). Бул суроого мугалимдер жооп катары балдарын унаалары менен алып кетип жатышанын билдиришти.

IMG_8502

Текшерүүчүлөр мектептин жакшы жактарын да белгилнеп өтүштү. «Токсобаев мектеби «2013 жылы район боюнча эң мыкты деген наамды алган». Мындай мыкты мектеп үчүн мыкты жаңы мектеп керек экенин айтышты.

Редакторлору: Жанара Асанкул кызы, Бегимай Бекмурат кызы