“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Сары-Ой айылында «Биз XXI кылымдын Интеллектуалдарыбыз» аттуу өрөөндүк сынак өттү

25 Февраль 2017 жыл 19:13
Көрүүлөрдүн саны: 199

Изображение 189

Нарын районуна караштуу Сары-Ой айылында Д.Мамбетовдун урматына өткөрүлгөн өрөөндүк сынак өттү. Аталган сынакка 5 айылдын окуучулары катышты. Окуучулар бул кароо-сынакка өздөрүнүн ойлоп тапкан аспаптарын , пайдалуу буюмдардын макеттердин көрсөтүшкөн.

Изображение 183

Бул сынакка жалпы 5 мектептен 15тен ашык окуучу катышкан. Балдардын ойлоп табууларынан бөлөк Физика сабагы боюнча олимпиада дагы өткөрүлдү. Окуучулардын арасынан мыкты ойлоп табуучуларга орундар ыйгарылып, эсеп чыгаргандарга дагы 3 орун боюнча Мактоо баракчалыры ыйгарылды.

Ойлоп табуучулук боюнча 1-орунду Достук орто мектебинин окуучусу, “Суу менен электр энергиясынын газ алуу” аттуу эмгеги ээ болду. 2-орунга Сары-Ой айылынын окуучусу ээ болсо, 3-орунга Учкун айылынын окуучусу “Майыптар үчүн каляска” долбоору ээ болду.  1-орунга ээ болгон окуучу  райондук сынакка жолдомо алды. Ал эми Физика сабагынан эсеп чыгаруу боюнча Жан-Булак айылы 1- орунга татыктуу болгон.

Изображение 180

Бул сынакка Республикалык деңгээлде катышып келген Акай Орозкожо уулу сынак жакшы эле деңгээлде болгонун белгилейт. Бирок, республикалык баскычтан өрөөндүк баскычтын айырмасы жобого көп көңүл бурулбай эле жыйынтык чыгарылганын белгиледи.

“Бул сынак жакшы эле деңгээлде болду, окуучулардын эмгектери бааланды десек болот. Бирок республикада жыйынтык жобонун талаптарына карата чыгарылат. Бул жакта болсо жобого көңүл бурулбастан эле жыйынтык чыгарылды”,- дейт Акай Орозкожо уулу.

Изображение 185

Быйылкы жылы бул сынак Сары-Ой айылындагы Кеңеш Жусупов атындагы мектепте  өтүп жатканына байланыштуу мектеп жамааты дыгы жакшы көңүл буруп, бардык шарттарды түзүп бергенин белгилешти.

“Биз сынактын өткөрүлүшүнө бардык шарттарды түзүүгө аракет кылдык. Себеп дегенде катышуучулар эмгектерин көргөзүүгө жакшы шарттар түзүлүшү керек. Ошондо гана окуучулар сынакка кызыгуусу артат. Дагы белгилей кетсем бул сынак калыс эле өттү, окуучулар нааразы эме”, -деп белгиледи  окуу бөлүмүнүн башчысы Самара Тыналиева.

Изображение 181

Ал эми катышуучу Азиз Таалайбеков бул сынакка биринчи жолу катышкан. Анын айтымында  сынакты өткөрүп жыйынтык чыгарууда кемчиликтер болгон.  “ Бизге саат 11:00до башталат деди эле, бирок абдан кеч башталды. Айрым мектептер ошол күну эртең менен эле сынак тууралуу угушуптур. Башкача айтканда бул сынакка даярдыктары жок экен. Ошол эле кемчиликтери болбосо калганы баары жакшы. Калыс эле өөтү”, -дейт сынактын катышуучусу Азиз.

Изображение 184

«Биз XXI кылымдын Интеллектуалдарыбыз» аттуу  сынак жыл сайын өрөөндүк, райондук, облусттук, республикалык деңгээлде өткөрүлөт.  Ал эми белгилей кетчү нерсе, быйыл бул сынакка 25 жыл толду.

Даярдаган: Найзабек Мукамбетов.