Эшбай Токсобаев атындагы орто мектебинин «Нур баян» тобу өрөөндүк «Манас таануу» сынагынан өтүп, райондук сынактан биринчи орунга татыктуу болду. Райондук таймаш Он-Арча айылында өткөрүлгөн. «Нур баян» тобун 5 окуучу кыз түзүп, жетектеген мугалими Жумагулова Гүлмира эже.
Бул райондук сынакка жалпы 5 команда катышышкан. Ошол тайпалардын ичинен 1-орунду Учкундун «Нур бая» тобу, 2-орунду Оттуктун 3-орунга болсо Кеңештин Асылзат» тобк татыктуу болду. Ал эми 1-2- орун алган командалар областтык таймашка жолдомо алды.
Районтук таймашка «Нур баян» тобу талыкпастан даярданып, Сагымбайдын вариантынын Академиялык басылышын окуп чыкканын белгиледи даярдоочу мугалими. Ошону менен бирге окуучулар «Манас» эпосун окуу менен руханий жактан азык алаарын дабелгилеп өттү.
«Биз районго барып 1-орун менен областкан жолдомо алдык. Таймашка кызуу даярдык көрдүк, Сагымбайдын Академиялык басылышын 2 жолу окуп чыктык. Бирок биз үчүн эң башкысы ушул «Манас» эпосундагы тарбиялуу нерселерди өзүбүзгө сиңирип, окуучулардын аң сезимин байытуу. Себеби эпосто баардык нерсе бар, окусаң руханий жактын азык аласың. Менин да балдарды даярдаган максатым ушул. Окуучулардын жан дүйнөсүн байытуу»,- деп белгилейт Гүлмира Жумагулова.
Бул топ ар бир таймашка бараарда өзгөчө толкунданып, жеңишке болгон күчтөрүн жумшаарын, азыр да 1-орун алуу менен өздөрүнө дагы жоопкерчилик жүктөлгөнүн белгилейт топтун башчысы Айдай Темирбекова.
«Биз ар бир барган жерибизден жеңишке болгон күчүбүздү жумшайбыз. Жана албетте толкундануу до болот. Ал эми жеңгенде биз дагы да тырышып даярданып, мойнубузга жеңиш менен кошо жоопкерчилик да жүктөлгөнүн сезебиз. Ал эми бул жолку таймаш абдан жакшы болду»,- дейт топ башчысы.
Райондук таймашты өткөрүү үчүн атайын Бишкек шаарынан калыстар тобу дагы келген. Жаш манасчы, «Манас таануу» теле-таймашынын редактору Нурбек Талантбеков Нарын району бул таймашка мыкты деңгээлдн даярданганын билдирди. Жана Нарын облусу да Республикалык сынактардан баш байге, биринчи орундарды багындырып келгенин билдирди.
» Чынында катышуучулар мыкты деңгээлде даярданышыптыр. Ар бир суроого жооп бергендеринин эле билинип турат. Ал эми областтык таймашка эки команда өттү, алар «Нур Баян» жана «Улуу Мурас» командалары болду. Чынында Нарын облусу Республикадан баш байге, биринчи орундарды жылда багынтышат»,- дейт Нурбек Таланбеков.
Белгилей кетсек былтыр да да ушул «Нур Баян» тайпасы облусттук сынактан экинчи орунга татыктуу болгон. Ал эми 2015-жылы «Улуу Баян» тайпасы Республикадан 2-орунду багындырган.
Даярдаган: Найзабек Мукамбетов