“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундан чыккан улуу инсан: Мүдүнов Асанаалы тууралуу маалымат

25 Февраль 2017 жыл 20:17
Көрүүлөрдүн саны: 110

Асаналиевы 20161213_112518

Асанаалы атабыздын эмгектери: 1963-жылы  Куланак колхозунун  башкы  бухгалтерлери болуп он  жыл  иштейт. 50 жылга жакын мугалимдик кесипте эмгектенген Токсобаев Эшбайдын ысымын “Учкун” орто мектебине койдурууда республикалык эл агартуу министрлигине чейин кайрылып 1990-жылы расмий түрдө айылдагы орто мектепке Токсобаев Эшбайдын ысымы ыйгарылды. Айылга мечит курдуруу  демилгесин көтөрүп,  мечиттин  курулуш  иштерин  өзү  жетектеген.  Тилекке  каршы, Асанаалы атабыз  ошол  мечиттин  ачылышына    катыша  албай   жарык  дүйнөдөн  көзү  өтүп  кетти. Учкун айылынын этегине жаштар эс алуучу жайы паркка айлансын деп 6 га жерге беш миң түп көчөттөрдү отургуздуруп, ал жерди мал жандан коруу максатында өз эсебинен тикенек зым менен курчаткан.

IMG_0352Изображение 007SAM_0144

Мүдүнов  Асанаалы   1933-жылы  Нарын  облусунун  Тянъ-Шанъ  районундагы  Учкун  айылында  төрөлгөн. Ал  10  жашка  жетип-жетпей  ата-энесинен  айрылып, тоголок  жетим  калгандан  кийин  атасынын  Насирдин аттуу  иниси  Нарын  шаарына  алып  кетет. 1950-жылы  7-классты  жалаң,  “5”  деген  баалар  менен  аяктайт. Андан  кийин  Нарындагы  айыл-чарба  техникумуна  өтүп, аны  ийгиликтүү  бүтүрүп, ошол  кездеги  Куланак  районуна  караштуу  Кайкалак (азыр  Жылан-Арык) жана  Жан-Булак  колхоздорунда  зоотехник  болуп  эмгектенет.

Асаналиевы 20161213_112518

1954-жылы  Ысык-Көлдүн  Түп  районундагы   Күрмөнтү  айылынан   бир  жылдык  бухгалтерлик  курсту  аяктап, Куланак  райондук  машина-трактор  станциясына  учётчик,  Учкун  колхозунда  механизация  бухгалтери  жана  башкы  экономист  болуп  иштейт. Асанаалынын  ишке  болгон  жөндөмдүүлүгү  жана  тактыгы  эске  алынып  Нарын облусунун   жана  Тянь-Шань  районунун  тиешелүү  жетекчилиги  тарабынан    1963-жылы  Куланак  колхозунун  башкы  бухгалтерлерине    дайындалып, ал  жерде  он  жыл  иштеди.

???????????????????????????????

Татаал  тагдыр  Асанаалы атаны кийин  он  балалуу  болуп, бакыбат   турмушта  өмүр  сүрүп  жаткан  учурунда  дагы  жайына  койбой, кайгы-муңга  бөлөдү. 1975-жылы  өмүрлүк  жары,  Баатыр  Эне  Жумалиева  Турдукандан  күтүүсүздөн  ажырады. Андан  4-5  жыл  өтпөй,  күтүүсүз  кырсыктын  кесепетинен  чолпондой  жанып  турган  10-11  жаштардагы  Майрамбек  жана  Жыргалбек  аттуу  балдарынан   дагы  айрылат.  Мындай  оор  жоготууларга  туруштук  берген  бир  сырдуу, кайраттуу  адам  журок  оорусуна  чалдыкты.  Ал  оорунун  кесепетинен  1992-жылы  59  жаш   курагында  келбес  сапарга  узап  кетти. Бирок  Асанаалынын  жогорку  адамдык  сапаттары  көзү  тирүү  кезинде  баркталып, эл  үчүн  жасалган  эмгеги  Учкундуктардын  жүрөгүндө  түбөлүк  сакталуу  бойдон  калды.

wpid-img_7260.jpg

 

Ал адамдын адамдык саппаттары туурасында жердеши Жумадил байкебиз: «Мага биринчи кезекте адамдын ортосунда жакшы мамиле болсун, ар кимдин эмгегин өз убагында баалай билиш керектигин айтаар эле. Байке айткандай, ошол жылдары ар кимдин эмгегине жана үй-бүлөсүнүн санына жараша бирикмедеги малды жана жерди бөлүштүрүүдө адилет иш жасалып, Учкун айылынын эли тарабынан нааразычылыктар болгон жок», -деп белгилейт.

Ал эми кызы Майрамкүл Мүдүнова: «Атам абдан тыкан, бир сырдуу, ишке да жоопкерчиликтүү мамиле кылган адам болгон. Ардактуу эс алууга чыкканда Учкун айылында ардагерлер кеңешинин төрагасы болуп шайланып, элди да ыймандуулукка чакырган. Үйдө болсо талыкпаган эмгекчил, мыкты ата болгон»-, деп эскерет

мамам

Даярдаган: Найзабек Мукамбетов