“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундан чыккан улуу инсан: Чоро Кожомжаров тууралуу маалымат

28 Февраль 2017 жыл 19:39
Көрүүлөрдүн саны: 93

мезгилдер

Макалабыздин бул санында Учкундун кулуну туңгуч кыргыз эстрада ансамблин уюштуруучу, көркөм жетекчиси, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти,  «Эсртаданын карлыгачы» аталган  Кожомжаров Чоро тууралуу сөз кылабыз. Учкундан чыккан  аталган инсаныбыз 1942-жылы 7- ноябрда, Нарын районуна караштуу Учкун айылында туулган. «Ааламга кеткен жол айылдан башталат» дегендей айылда чоңойуп, өсүп,   1955-ж. М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын эл аспаптар бөлүмүн бүткөн.  

                                                                                                                                  1958-жылдан К. Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде солист-музыкант (домбра-примида) болуп эмгектенген экен. Өзү комузда классикалык күүлөрдү черткен. 1967-ж. С. Жумашев, Б. Эгембердиев (комуз), О. Усубалиев (электр-комуз), А. Тезекбаев (аккордеон), Ю. Черкасов (басгитара), К. Мамасалиевдерден (урма аспап) турган аспаптык ансамблди уюштурган. Башкача айтканда алгачкы жолу Эстрадалык ансамблди уюштурган. Бирок, анда эстрада ырлары кыргыз жыттанып, улуттук колоритти камтып, ырчылар жандуу үн менен ырдашкан.  «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» дегендей анын ыр жазуу өнөрү да богон. Эстрадалык ансамбль үчүн өзү «Биз Тынчтыкты сүйөбүз», «Ашыгы келер көз болсо», «Кызганамын» аттуу ырларды жазат.  Кыргыздын элдик обончуларынын, композиторлорунун ырларын, залкар комузчуларынын күүлөрүн иштеп чыгат.

чоро ансамбль

1967-жылдын июнь айынын башы. Кыргыздын эл артистери Б. Бейшеналиева, Б. Миңжылкыев, К. Сартбаева, А. Мырзабаев, Р. Чокоева баштаган эл шайырлары менен жаңыдан гана уюшулган кыргыз эстрада ансамбли да Канаданын Монреал шаарында өтүүчү дүйнөлүк «ЭКСПО-67» көргөзмөсүнө катышууга сапар алат. Жаңыдан эстрада музыкасынын эшигин ачып, босогосун аттап жаткан топту комузчу, обончу, терең музыкалык сабаты бар Чоро Кожомажоров жетектеп барат.

Ансамбль Канада, Сирия, Алжир, Монголия жана башка чет өлкөлөрдө гастролдо болгон. 1969-жылы Бельгияда, 1970-жылы Сирияда, 1975-жылы Турцияда, 1976-жылы Алжирде, 1979-жылы Монголияда болуусу кыргыз искусствосунун өсүп бара жаткандыгын чет өлкөгө да тааныткан.

«Шоола» кыздар эстрадалык ансамблин  дагы 1974-жылы Чоро Кожомжаров менен композитор Эркин Курманов түзгөн. Анткени «Кыз-Бурактын» жетекчиси Гүлшайыр Садыбакасова ушул топто урма аспапта ойногон экен.
Чоро кожомжаровдун үй-бүлөлүк абалы тууралуу маалмат бере турган болсок,келинчеги Зоя, эки уулдун сүйүктүү атасы болгон.

DSC00348

Чоро Кожомжаров таланты ташкындап турган 39 жаш курагында 13- апрелде 1981-жылы Бишкек шаарында табышмактуу өлүм менен мезгилсиз о дүйнөгө сапар алат. Андан бери 26 жыл өттү. Ансамбль чилче тарады. Музыкалык коомчулукта маркум Чоронун жаркын элеси, элине таштап кеткен музыкалык мурастары бирде эстелип, бирде эстелбей келет. Бирок акыркы жылдары Учкун айылынан  чыккан Марат Абылов «Чоро» тобун түзүп, Чоро Кожомжаровдун унутулуп келаткан атын жандардырып, эмгектерин элдин эсине салды. Аталган топ 2012-жылы түзүлгөн. Азыркы учурда калкка жагымдуу ырларын тартуулап келет. Биздин айылдын маданият үйүнө дагы Чоро Кожомжаровдун ысымы ыйгарылган.

Чоро тобу1

«Бабаларды урматтабоо- барып турган наадандык, адепсиздиктин белгиси»,-деп А.С.Пушкин айткандай, биз да бул макаланы окуучуларга Кожомжаров Чоро агабыз кандай адам болгону, эмгектери тууралуу маалымат берели дедик. Себеби келечек муунга өз атактуу инсандарыбыз тууралуу маалымат берип, алардын жакшы сапаттарынан айтып жүрүп отурсак, анда жаш муундар келечекте эл үчүн кызмат кылган инсандар болоору шексиз.

 Даярдган: Найзабек Мукамбетов