“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Ар бир ийгиликтин аркасында чоң эмгек бар

3 Март 2017 жыл 13:27
Көрүүлөрдүн саны: 107

33

Мектептин алдыңкы биолог мугалими Апилова Назгүл эже менен болгон маек.

— Саламатсызбы, Назгүл эже? Абалыңыз жакшыбы? Сизди алдыңкы мугалимдин катарына киргизип, алдыда боло турган семинарда иш-тажрыйбаңыз менен бөлүшкөнү жатасыз. Алдыңкы мугалим деген атка ээ болуунун сырлары эмнеде?

— Саламатчылык. Мугалимдик кесип татаал, түйшүктүү жана кызыктуу кесиптердин бири. Ал ар убакта эмгектенип, кайсы учур болсо да өзүнүн кесибин ойлой жүрүү керек. Коллективдин чечими менен боло турган семинарга буга чейин иштеп келген иштеримди көргөзүп, жакшы сабак өтүп берейин деп максат кылып жатам. Алдыңкы мугалим болуш үчүн өзүнүн кесибин сүйүп, аны жакшы билиш керек деп ойлойм. Кесибин жакшы билсе, балдарга маалыматты так жеткирсе, анын жыйынтыгы бир учурда келип чыгат. Мугалимдин ишинин жыйынтыгы окуучусунун олимпиадалардан багынткан ийгиликтеринен билинет деп ойлойм. Мен 2008-жылы бул кесипке келип, ошондон бери ар жылы олимпиадаларга окуучуларымды даярдап келдим. Алгач өрөөндөрдү багынтып, андан райондордон орун алып, областарга чыгып жүрүп, 2014-жылы областан биринчиликти ээлеп, республикага жолдомо алганбыз. Окуучум республикадан 4-орунга ээ болуп келген. Мугалим өз кесибин жакшы билет, бирок ошону окуучуга жеткире билүү бул өзүнчө эмгек деп баалайм. Мына ушунун артынан анан олимпиадалардан ийгиликтерге жетишебиз деп ойлойм. Мен олимпиадага алып барган окуучуларымдын баары биология тармагын окуп жатышат. Бул да бир мугалимдин жакшы жагы деп ойлойм.

— Мурун сиз почта тармагында иштеп жүрүп анан мектепке келдиңиз. Эмнеге түмөн-түйшүктүү кесипти тандап алдыңыз?

— Бала кезимде бул кесиптен такыр алыс болчумун. Врач болууну каалачумун. Бирок биология факультетине тапшырып, окуп калдым. Ата-энем да педагогдор болгондуктан, мугалимдердин үй-бүлөсүндө төрөлүп чоңойгондуктан, бул кесипти өздөштүрүп кеттим. Мурунку ишиме да кайрылып кетсем, окууну бүткөнден кийин мектепте орун жок болгондуктан, почта тармагында эмгектенип жүрдүм.

— Акча жүргөн жерде, шайтан да кошо жүрөт дейт. Ошол учурда акчага азгырылган учурларыңыз болдубу?

— Акча жаатында иштегенде сөзсүз ар түрдүү сөздөр кошо ээрчип жүрөт экен. Бул тармакта жүргөндө өзүмө өтө этияттык менен мамиле кылууга аракеттендим. Анткени бул кесипке өтө жаш кезимде келдим. Анда жыйырма жашта элем. Ошондо мага түрткү жана туура тарбия берген кайнатам болду. Анткени ал көп жыл математик болуп эмгектенгендиктен, бул өтө кооптуу жумуш экендигин түшүндүрүп, күнүгө менин туура, так жүрүшүмдү талап кылчу. Мына ушул күч аркылуу мен акча тармагынан так жана сыйлуу кеттим.

— Адам баласы кесип менен жар тандоодон жаңылбаш керек. Сиз экөөнү тең жаңылбай тандадым деп ойлойсузбу?

— Мен жарды да, кесипти да жаңылбай тандадым деп айта алам.

— Адам канчалык ийгиликтүү болсо, анын ошончолук душманы көбөйөт экен. Душмандарды көбөйткөндөн кокпойсузбу?

— Душмандарым бар деп эсептей албайм. Бирок душман кыска ойлуу адамдардан жана ичи тарлыктан келип чыгат го деп ойлойм. Душманымдын көп болушунан корком.

— Өзүн сулуу, жаш, келишимдүү алып жүргөн айымдардын катарына киресиз. Сулуулуктун, жаштыктын сырлары менен бөлүшө кетпейсизби?

— Сулуу, сындуу экенимди баалаган биринчиден сага чоң ырахмат. Бирок ар бир эле аялзаты өзүнүн үй-бүлөсү менен тынч жашоодо жашаса, ошол сулуулук жана бактылуулук деп эсептейм.

— Ашканада кандайсыз? Тамакты түрлөп жазап берген аялзатынын катарына киресизби?

— Бардык эле тамакты жасоо колумдан келет. Менин үй-бүлөмө манты, беш бармак тамактары өзгөчө жагат. Калган тамактарды үй-бүлөмдүн каалоолоруна жараша жасап берем.

— «Жакшыга сөз, жаманга чөп жабышат», — демекчи, сизди «бой көтөрүп жүрөт» деп айтып калышат. Бул сөз канчалык деңгээлде чындыкка жакын?

— Сырттагы адамдарга ошондой көрүнөт болушум керек. Менин сырымды билген адамдар антип айта алышпайт. «Тааныбысты сыйлабас», — дегендей сыртымдан көргөн адамдар ошондой деп ойлошот болуш керек. Жакын адамдарыма мен ушунчалык жөнөкөй болууга аракет кылам.

— Эмнеге өкүнөсүз жана сүйүнөсүз?

— Өкүнгөнүм — окууну бүтүп келгенден баштап өз кесибим менен иштесем, мындан да көп ийгиликтерди жаратат белем деп ойлонуп калам. Сүйүнгөнүм – бул турмушта балдарым, жолдошум, бир туугандарым, элим менен ден-соолукта, жакшы жашоодо жашап жүргөнүм.

— Маегиңизге чоң ырахмат. Алдыдагы иштериңизге ийгиликтерди каалайм. Аракетиңиздин, эмгегиңиздин үзүрүн көрүп жүрө бериңиз.

Даярдаган: Мунар Курманова