“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Балам — бактым, балам — базарым.

3 Март 2017 жыл 13:49
Көрүүлөрдүн саны: 144
«Раушан-Учкун» бала бакчасынын жетекчиси

«Раушан-Учкун» бала бакчасынын жетекчиси

«Раушан-Учкун» бала бакчасынын жетекчиси Мамырбаева Талай эже менен маек курдук.

— Саламатсызбы? Бала бакчанын түзүлгөнүнө канча жыл болду? Канча тайпа жана кызматкер эмгектенет.

— 2009-жылы Азия өнүктүү банкы боюнча «Кенже курактагы балдарды өнүктүрүү» деген долбоор болгон. Ошонун негизинде ачылганбыз. Биринчи 2 тайпа, 5 кызматкер болчу. Уламдан өнүнүп олтуруп, 2010-жылы бюджетке өттүк. 2016-2017-окуу жылында төрт тайпа, үчөө он сааттык режимде, бирөө үч сааттык мектепке чейинки даярдоо тайпасы. Биздин максатыбыз мектепке даярдоо, кичинекей балдарды коомго аралаштыруу, дүйнө таануусун кеңейтүү. Жалпы 16 кызматкер иштейбиз. Төртөө жогорку билимдүү. Балдарга татыктуу тарбияны берип келе жатышат.

— Жетекчи катары иштин эффективдүү жүрүшү үчүн кандай талаптарды коюп келесиз?

— Жетекчи болгондон кийин кызматкерлердин балага болгон сүйүүсүнө, тарбиялануусуна абдан көңүл буруусун талап кылам. Ата-энелер балдарын ишенип бизге алып келип жаткандан кийин анын туура өсүүсүнө абдан көңүл бурабыз. Болгон муктаждыктар, техникалык каражаттар менен камсыз кылганбыз. Заманга жараша кызматкерлердин бардыгы жаңы маалыматтар менен тааныш болуп туруусу зарыл. Ошону менен катар керектүү журнал, газеталарга жазылып турабыз.

— Бул жашоодо эмнени уттуңуз жана эмнени уттурдуңуз?

— Бала бакчаны уюштуруп, элдин керегине жарап, билим мекемесин ачканым жетишкендигим деп айтам. Муну бизден башкалар болсо деле ачмак, бирок бизге буюруптур. Ушул нерсе менен сыймыктанам. Жашоодо өкүнүү деле болот. Бирок олутту уттурган нерсем жок.

— Бүгүнкү күндө жетекчиси болуш үчүн адам кандай сапаттарга ээ болушу керек?

— Эң негизгиси жөнөкөй болуш керек жана жакшы мамиле. Анан изденүүнү көп талап кылат. Анткени адам изденбесе алдыга умтула албайт. Замандын талабына ылайык баардык нерсени билишиң керек. Көп жагынан деңгээлиң жогору болсо, анан башкаларга үйрөтө, көрсөтө аласың.

— Сизге күч-кубат берген нерсе?

— Үй-бүлөм, менин кемчиликтеримди толуктап, жардамын берип, түшүнүп турушат. Жумушум, эртеңки балдарды келечеги биздин колдо болгондуктан, ошол нерселер чоң күч-кубат берет.

— Бала бакчанын келечегин кандай элестетесиз?

— Келечекте заманбап бала бакча курулуп, балдарыбыздын жашоосу шаардагыдай болсо деп ойлойм. Ошол жактагы жетишкендиктерге жетишип, өнүгүп өссөк деп тилейм.

— Рахмат маегиңизге! Тилегиңиз орундалсын!

Даярдаган: Мунар Курманова