“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкундан чыккан улуу инсан: Эшбай Токсобаев тууралуу маалымат

11 Март 2017 жыл 19:22
Көрүүлөрдүн саны: 277

       IMG_0225

 Т
оксобай уулу Эшбай 1899-жылы Тянь-Шань облусунун Ак-Талаа районундагы Кара-Булуң айылылдык  кеңешинин Суук-Капчыгай айылында (Учкунда) туулган. Суук-Капчыгайдын Тегерек-Кырчын деген жеринен Абыке ажынын мечитинен мусулманча окуп, сабатсыздыгын жойгон.

SAM_0144

1918-жылы Ташкент шаарындагы САКуну бүтүп келип, «Кызыл молдо» аталып агартуу майданында иштей баштаган.

1919-1920-жылдары кызыл агитатор деген ат менен Тегерек-Кырчын мектебине өзүнөн улуу-кичүү элдерди чогултуп, аларга кат таанытып сабатсыздыгын жойгон.

IMG_0231

1937-38-жылдарда жалган жалаа менен КПУтуран партиясы менен байланышкансың деп камакка алынып сурак берилген. Акыры ак жерден статья коюп, атууга  кесилген, кийин иш кагаздарынын көчүрмөсү КПУдан алынып Москвага барып, тергөө бузулуп, атуудан куткарып, актоо кагазы келип акталып чыккан. Жаш кезинде  илим-билимге жан дили менен берилгендиктен араб, латын, орус, тамгаларын үйрөнгөн жана элдерге тамга таанытып, кат жазууну үйрөткөн. Эл агартуу майданында директор, завуч, катардагы мугалим болуп 41жыл иштеген. Эмгеги жогору бааланып, өкмөттүк сыйлыктарга татыктуу болгон.1945-жылы «Эл агартуунун отличниги» төш белгиси,1946-жылы 1941-45-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштагы «Эмгектеги  каармандыгы  үчүн» медалы менен сыйланган.1949-жылы «Эмгек кызыл туу», 1953-жылы «Ленин» ордендеринин ээси болгон. Мындан сырткары бир нече кыргыз СССРнин элге билим берүү министирлигинин жана профсоюздук Республикалык комитетинин ардак грамоталары менен сыйланган.

img_45501-январь 1991-жылы Учкун айылынын чоң жыйналышында Учкун орто мектебине Токсобай уулу Эшбайдын ысымын түбөлүкө ыйгарып берүү жагы №2-токтомдо көрсөтүлгөн. Бул токтом Учкун айылдык советинде, Тянь-Шань райондук советинде макулдашылып, кубатталып акыры Нарын областык советинде бекитилип,  1-ноябрь1991-жылдагы №150 токтомунун негизинде аты түбөлүкө калтырылган. Токсобай уулу Эшбай 8 баланы тарбиялап өстүргөн. 77 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Даярдаган: Мукамбетов Найзабек