“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылынын окуучусу «Жоокер ыры» сынагына катышты

20 Март 2017 жыл 20:34
Көрүүлөрдүн саны: 124

жоокер

Нарын шаарында жыл сайын өткөрүлүүчү «Жоокер ыры» сынагынын облустук баскычы болуп өттү. Аталган сынакта үч номинация боюнча жарыш болуп, облус боюнча жалпы 15 окуучу катышты. Ал сынакта Учкундук окуучу «Көркөм окуу» боюнча биринчи орунга жетишти.

жоокер4

Аталган сынак «Согуш мезгилиндеги ырлыр», «Патриоттук ырлар», «Көркөм окуу» номинациялары боюнча уштурулган. Учкундан Найзабек Мукамбетов сынакка катышып, 1-орунга ээ болуп, Республикалык сынакка жолдомо алды.

жоокер3

Мукамбетов бул сынакка Мидин Алыбаевдин «Ыйлабачы» деген ырын көркөм окуп катышкан. Анын айтымында сынак абдан жогорку деңгээлде өткөрүлүп, өзгөчө көркөм окуу боюнча мыкты ырлар окулган.

жоокер1

«Бул сынкка 15 тей окуучу катышты. Сынак мыкты деңгээлде болду. Мидин Алыбаевдин «Ыйлабачы» деген ырын көркөм окудум. Ушундай сынактар көп өткөрүлсө, окуучулардын кызыгуусун арттырып, кандайдыр бир деңгээлде окуучунун кесипке багыт алуусун өстүрөт»,-дейт Мукамбетов.
nazira-nake

Ал эми сынакка окуучуну Назирка Касымбекова даярдап келген. Анын айтымында катышуучулардын ар бири башкалардан өзгөчөлөнүп, ырларды мыкты деңгээлде аткаргандыгын билдирди.

«Бул санакка ар бир окуучулар мыкты деңгээлде даярданганы көрүнүп турат. Аткарган ырлары да мыкты деңгээлде. Биз да бар күчүбүз менен аракет кылып, байгелүү орунга жетиштик. Эми Республикага мындан да жакшы даярдык менен баралы деп жатабыз»-, деп билдирди Назира эже.

nazira-ezhe

Сынакка катышууга мектептен да жардам көрсөтүлгөнүн, кийинки баскычка башка ырды жаттап, көркөм окуй тургандыгын кошумчалады Найзабек Мукамбетов.

«Мага бул сынакка катышууга мектептен да жардам көрсөтүлдү. Башкача айтканда мага Кыргыз тили сабагынан берген мугалимим Гүлмира Жумагулова да ырды көркөм окууга чоң жардам берди»,- дейт сынкка катышуучу.

img_1630

Бирок бул өткөрүлгөн сынакта айрым мектептер кечигип келип, анын негизинде айрым райондордун мугалимдери сынактын жыйынтыгына нааразы болгондор да болгон.

Белгилей кетсек Найзабек Мукамбетов  «Жоокер ыры» сынагына былтыркы жылы да катышып, 1-орунга жетишкен.

Даярдаган: Гүлзар Казиева