“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылынын окуучусу Республикалык «Жоокер ыры» сынагынан 3-орунга жетишкен

29 Март 2017 жыл 20:28
Көрүүлөрдүн саны: 135

жокеер

Быйылкы жылы Республикалык «Жоокер ыры» аскердик — атуулдук сынагы 4-жолу өткөрүлүп жатат. Нарын облусунан 3 номинация боюнча үч окуучу катышып, Учкундук окуучу «Көркөм окуу» номинациясынан 3-орунга ээ болду. Окуучуларды  Нарын облусунун военкоматынын майору Назар Абиков,  билим берүү тармагынан Назира Касымбекова жетектеп барышкан.

жоокер капитан

Аталган сынакка жети областтан, Бишкек жана Ош шаарларынан жалпы 27 окуучу катышты. Сынак Калый Молдобасанов атындагы Улуттук Консерваторияда өткөрүлдү. Ал сынакта «Согуш мезгилиндеги ырлар», «Атуулдук ырлар», «Көркөм окуу» номинациялары боюнча жарыш жүрдү.

жоокер гала

Окуучулардын ырларды кандай даражада аткаргандыгына жараша сынактын жыйынтыгы чыгарылды. Жыйынтыктын негизинде баш байге: Бишкек шаары, 1-орун: «Согуш мезгилиндеги ырлар» боюнча Бишкек шаары,  2-орун: «Атуулдук ырлар» боюнча  Ош шаары,  3-орун  «Көркөм окуу» боюнча Найзабек Мукамбетовдор ээ болду.

жокерр

Сынак Маданият жана маалымат министрлиги, Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети, Билим берүү министрлиги , Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан уюштурулганын, бул сынкта Муратбек Бегалиев төрагалык кылган беш калыстар тобу болгонун белгиледи окуучуларды жетектеп барган Назар Абиков.

жоокер5

«Сынак эки министрлик, коргоо иштери боюнча комитет, жаштар ищетри боюнча агенттик тарабынан ушулду. Сынакта калыстар калыстык менен жыйынтык чыгарышты. Айрым катышуучуларга Муратбек Бегалиев Консерваторияга окуучуларга экзаменсиз окууга чакырды»,- деп белгилейт Назар Абиков.

Сынакка катышып келген окуучу Найзабек Мукамбетов сынак боюнча төмөнкүлөрдү белгиледи:

«Ар бир областтан барган окуучулар абдан мыкты деңгээлде даярданышыптыр. Жакшы катышып келдик. Бул жолу Суйүнбай Эралиевдин «Атың ким?» деген чыгармасын көркөм окудум.»,- дейт Найзабек Мукамбетов.
nazira-nakeБилим берүү тармагынан барган Назира Касымбекова: «Бул сынакта жакшы да, жаман да жактары болду. Мисалы айрым областтын катышуучулары нааразы экенин да билдиришти. Алар слайд жазап барышыптыр. Бирок экран даяр болбой калып ошондо кичине чырдашты. А өзүбүз жакшы барып келдик. Ушундай сынактар көп- көп уюштурулса  окуучуларга да жакшы болот. Алардын кызыгуусу артып, дүйнө таанымы да кеңеет.»,- дейт.

nazira-ezhe

Белгилей кетсек былтыркы жылы орундар ар бир номинация боюнча үчтөн орун берилсе, быйылкы жылы бардык номинацияны бириктирип бар эле орун беришкенин белгиледи катышуучу Найзабек.

Даярдаган: Гүлзар Казиева