“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

НТС каналы уюштурган «Чилистен» сынагында 2-орунга ээ болуп, байгелүү кайтышкан Касымбекова Назира жана Орозкожо уулу Акай жеңишинин сыры менен бөлүшүштү.

15 Апрель 2017 жыл 20:09
Көрүүлөрдүн саны: 94

IMG-20161222-WA0019

— Саламатсыздарбы? НТС каналындагы “Чилистен” сынагына барып, жеңиш менен кайттыныздар? Бул жеңиштин сыры эмнеде? Кандайча бул сынакка катышып калдынар?

Назира: 2014-жылы «21-кылымдын интеллектуалдары» кароо сынагына катышып, республикадан биринчи орунга ээ болгонбуз. Ошонун жыйынтыгы менен НТС каналындагы уюштуруучулар чалып чакырышты. Сынак үч тур менен өттү. Биринчисинен барган эле күнү өттүк, экинчи, үчүнчүсүнөн добуш берүүнүн жардамы аркылуу өтүп, экинчи орунга ээ болдук.

Акай: НТС каналы жана «Кыргыз патент» менчик ишканасы уюштурган долбоорго чакыруу аркылуу барып катышып калдык. Жеңишибиздин сыры иштин майын чыгара иштегенибизде болушу керек. Себеби ар бир нерсесин кылдаттык менен иштеп, так жасаганыбыздан жеңиш биз тарапка ооду деп ойлойм. Ошондой эле замандын талабына жооп берген эң керектүү буюмду жазап чыкканыбыз да жеңиштин сыры болуш керек.

— Бул кымыз бышкан сабаны ким ойлоп чыкты? Автору же идеясы кимге таандык? Назира: Бул биздин биринчи ойлоп табуубуз болуп эсептелинет. Бизге оригиналдуу нерсе ойлоп табуу тууралуу тапшырмалар келип турат. Ошондо ойлонуп отуруп шамалдын энергиясы менен иштөөчү сабаны ойлоп чыктык. Мен ойлоп тапканым менен жасоо колумдан келбейт. Ошондуктан окуучум Акай экөөлөп жасап, «Тартуу аспабы» деп ат коюп, Акайдын апасына тартуу кылдык.

Акай: Идеясы Назира эжеге таандык. Медина эжелер болуп ойлонуп, чогуу табышты. Мен жазап чыктым.

— Бул буюмга канча каражат сарпталды? Демөөрчүлөр болдубу же өз чөнтөгүңөрдөн чыктыбы?

Назира: Барып-келгенибиз, буюмду жасагандагы каражаттар баары биригип 7000-8000сом болду десем жаңылышпайм. Бул каражат өз чөнтөгүбүздөн чыкты.

Акай: Эч кандай демөөрчү болгон жок. Бардык чыгымдарды өзүбүз көтөрдүк.

— Азыр бул буюм каякта? Кымыз куюп, иштетип көрдүңөрбү? Назира: Конкурска барарда иштетип көргөнбүз. Иштейт. Азыр болсо физика-лобаратория кабинетинде көрсөтмө курал катары сактап калууну туура көрдүк.

Акай: Бул буюмду мектепке бергенибиздин себеби, Кыргызстанда жасалган жалгыз буюм болгондуктан, башка жактан келгендер көрүп, ушул нерсе бизден чыкканын таанып билиш үчүн атайын көргөзмөгө бергенбиз.

— Дагы тандем түзүп, оригиналдуу буюм жасайлы деген оюңар барбы?

Назира: Оюубузда бар, бирок азыр сыр бойдон туруп турсун. Акай студент болуп кетсе дагы чогуу иштешип туралы деп жатабыз. Буюрса алдыда дагы көптөгөн нерселерди жасап, ийгиликтерди багынтабыз деген ойдомун.

Акай: Буюрса элге керектүү нерсени жасап чыгалы деп пландап жатабыз. Көптөгөн ойлорубуз бар. Азырынча айтпай туралы, жасап чыкканда эле көрүңүздөр.

— Жеке жашооңузга кайрылсак. Сиз карьерага көбүрөөк басым жасайсызбы же үй-бүлөгөбү?

Назира: Экөөнү тең бирдей алып кеткенге аракет кылам. Үй-бүлөмдү биринчи орунга коём. Үй-бүлөң жакшы болбосо, шарт түзүп бербесе карьераны курбасаң, иштеген ишиңдин жыйынтыгы болбойт го. Апам, жолдошум мага шарт түзүп бергендиктен мен ушул сыяктуу ийгиликке жетишип жатам. Алар каршы болуп, барбай эле кой, жасабай эле кой деген бут тосуулар болсо, балким үйдө эле отурмакмын.

— Кээ бир адам жетекчилик кызматка келгенде ишимди реформа менен баштадым дешет экен. Сиз да окуу бөлүмүнүн башчысы болуп ишке келгенде ишиңизди реформа менен баштадыңызбы же мурунку жетекчинин ишин уланттыңызбы?

Назира: Албетте мен бул кызматка ойдо жок жерден келип калдым. Мага чейинки жетекчинин планынын негизинде да иш алып бардым жана өзүм дагы кошумчаладым. Мен жаңы келгенде үч жылдык план түзгөм, ошол пландын негизинде ишимди жүргүзүп жатам.

— Акай мына практикага келип, мугалимдик кесиптин түйшүгүн түшүнүп жатасың. Окууңду бүткөндө «мугалим болбойм» деп качпайсыңбы же балдар менен иштөө жактыбы?

Акай: Чындыгында мугалимдин түйшүгүн эми түшүндүм. Окуучу кезимде кандай кылыктарды жазагандыгымды азыр окуучулардан көрүп алып окуучулук кезимди эстесем, бир чети эже-агайларды көрүп алып ошондогу кылыгыма уялып жатам. Окуумду бүткөндөн кийин ушул кесипти аркалайм. Себеби балдар менен иштөө мага абдан жакты.

-Адамга дайым бир нерсе жетишпей турат экен. Сизге азыркы учурда эмне жетишпей турат?

Акай: Сабак учурунда кээ бир окуучулар көңүл бөлбөй отурушканда, мен сабакты жеткиликтүү түшүндүрө албай жатам го деп бушайман абалда болуп жатам. Мага азыр тажрыйба жетишпей жатат.

— Максатсыз адам болбойт дейт. Келечектеги максаттарыңар? Назира: Максатым өзүмдүн кесибимдин чыныгы ээси болуу. Ошол кесип аркылуу көптөгөн ийгиликтерге жетүү.

Акай: Максатым мугалимдик кесип аркылуу көп нерсени багындыргым келет. Жогорудагы саба менен Учкунду Кыргызстанга таанытсам, андан дагы чоң долбоор менен Кыргызстанды дүйнө жүзүнө тааныткан мугалим болсом деген ойлорум бар. Кыргыз эли сыймыктанган адамдардын катарына кирсем дейм.

Маектешкен: Курманова Мунар.