“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Текке кетпеген өмүр. Такенбаев Токтосейит.

15 Апрель 2017 жыл 20:38
Көрүүлөрдүн саны: 152

IMG_2915

Такенбаев Токтосейит 1911-жылы ноябрь айында Нарын өрөөнүндөгү Учкун айылында туулган. Бала чагы атасынын кыштоосу Бууган-Талда, жайлоосу Арпанын Семиз-Сазында өткөн. Касымаалы болуштун медресесинде окуп, кат-сабатын жойгон. Эс тартып чоңойгон кезинде атасы Такенбайдын мал-мүлкүн ортого колхоздоштурууга алышат. Атасы кулакка тартылып, Сиберге айдалып кетээринде орустарга сүйлөшүп, илбирстин, суурдун терисин беришип куткарылып калат.1937-жылы өзүн “байдын баласысың” деп кулакка тартып, Долон ашуусунун жолун чаап иштөөгө жиберет. Башынын көпүрөсүн салууда жана жол куруу иштеринде иштейт. Жакшы иштегенине байланыштуу бригадир болуп шайланат. Кийин кулактын балдарына кечирим берилип, айылына келет. Ал жылдары Учкун айылы үч колхоз болуп турган чагы эле. Көк-Жар колхозуна бригадир болуп шайланып, иштей баштайт. 1941-жылы Улуу Ата Мекендик согушта колхоздо жакшы иштегендиги үчүн, брон менен тылда калтырылат. Согуш учурунда колунда жокторго жардамын аябай, каралашып, элдин алкышына ээ болгон. Согуштан кийин ирилештирүү болот. Үч айыл Учкун колхозу болуп бириктирилгенде башкы бухгалтер болуп эмгектенет. Андан кийин кампачы, бригадир, уй ферма, уйчу, теричи, дүкөнчү болуп бир топ жыл иштейт. 1971-жылы ардактуу эс алууга кеткен.

IMG_2850

Байбичеси Жусупова Сайнабүбү экөө эки уул, төрт кызды тарбиялап өстүрүшкөн. 1981-жылы 14-февралда каза болгон. “Тылда каармандыгы үчүн” ордени, “Лениндин 100-жылдыгы” медалы, областын, райондун “Ардак грамоталары” менен сыйланган.

IMG_2860

Уулу Токтосейитов Туратбек атасы тууралуу мындай эскерет:

— Атам өзү абдан адамгерчиликтүү, сөзгө чечен, кыраакы киши болгон. Элдин камын ойлоп, согуш убагында жетим-жесир, жалды-жалчыларга аябай жардам берген элдик киши эле. Ун, талкан, буудайды бирде көргөзүп, бирде көргөзбөй элге тараткан. Жомокту мыкты айтып, жамакташтырып да сүйлөчү. Каада-салттын баарын билип, ошол салтты катуу кармачу. Жамандык-жакшылыктарда тикеси менен тик туруп жардамын аячу эмес. Балдарына аябай боорукер, балдарым дегенде ичкен ашын жерге койгон инсан эле. Өз баласы эмес бирөөнүн балдарына да жанын кейитип, боору ооруп турчу.

— Сизде атаңыздын кайсы сапаты бар?

— Адамгерчиликтүү сапаты бар. Мен дагы атамдай болуп бирөөгө такыр жамандык кылгым келбейт. Калыс айтып, калыс жүргөн сапаттары менде бар.

Даярдаган: Курманова Мунар.