“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Тургунбаева Нүргүл эженин өнөрү менен тааныштык.

15 Апрель 2017 жыл 20:28
Көрүүлөрдүн саны: 473

Жаратканым адамзатына сөзсүз бир өнөрдү берет экен. Ошол өнөрдү колдонуп, андан ары өздөштүрүп кеткен адам гана ийгиликке жете алат. Жаратканым берген өнөрдү аркалап, аны өздөштүрүп келе жеткан  Тургунбаева Нүргүл эженин өнөрү менен тааныштык. IMG_2784

— Саламатсызбы? Сизди тигүүчүлүктү мыкты өздөштүргөн адам катары билишип, көптөгөн буйрутмаларды берип келишет. Бул өнөрдү кайдан үйрөндүңүз?

— Саламатчылык, мен өзүм медицина тармагында окугам. Ал жакта үч-төрт жылдай гана иштедим. Апам тигүүчү болчу, мына ошол апамдан калган өнөр деп айтсам болот. Алгач тигүүчүлүктү эжем өздөштүрүп, аны менен кошо кармалашып жүрүп мен үйрөнүп кеттим. Кийимдерди көз болжол менен тиге бергенге болбойт. Анын дагы өзүнүн эрежелерин үйрөнүп, өздөштүрүп анан тигиш керек экен. Бишкекте дагы тигүү цехтеринде иштеп жүрдүм. Ал жерден өзүмө тажрыйба топтоп, өздөштүрүп кеттим.

— Бир күндө канча кийим тигип жетишесиз?

— Жеңилирээк кийимдердер болсо үч-төртөөнү бүтүрөм, ал эми шырылган кийимдерди үч күндө тигип бүтөм. Анткени алардын жумушу көп. — Тигүүчү цех ачып иштетейин деген оюңуз барбы?

— Ал элдин талабына жараша болот да. Буйрутмалар, талаптар көп болсо ачса болот. Бирок айыл жергесинде болгондуктан цех ачууга ылайыктуу талап жок.

— Кийим тиккенде сапатына көп көңүл бурасызбы же санынын көбүрөөк болушуна басым жасайсызбы?

— Сапатына көбүрөөк көңүл бурам. Кичинекей нерсе болсо да тиктирген адамдын оюндагыдай болсо дейм. Кардарымдын нааразы болгонун жаман көрөм. Андан көрө акчасын бербесе да ыраазы болуп кеткенин жактырам. Көптөргө каралашып шартына жараша арзаныраак тигип берип жүрөм.

— Бул өнөрдү үйрөнөм деп келген жаштар болсо үйрөтөсүзбү? — Азырынча үйрөтүүгө мүмкүнчүлүгүм жок, убактым да аз. Балким кийинчерээк шарт түзүлүп калса, каалоочулар болсо үйрөтөм.

— Элге жарнама катары айтып кетпейсизби эмнелерди тигесиз?

— Азыркы учурда көпчүлүк улуттук калориттеги кийимдерге көбүрөөк басым жазап калышпайбы. Ошондуктан мен дагы шырылган чапан, чыптамаларды тигип жатам. Бул кийимдерге да буйрутмалар көп түшүп жатат. Негизинен бардык эле кийимдерди тигем.

IMG_2776

IMG_2777IMG_2773

Даярдаган: Курманова Мунар.