“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Учкун айылындагы Көк-Жар чөлкөмүнө мечит салдырып, элдин алкышына татыктуу болгон Акматова Турдубүбү апа.

15 Апрель 2017 жыл 20:24
Көрүүлөрдүн саны: 99

IMG_2786

— Саламатсызбы? Көк-Жарга заңгыраган мечит салдырып, бир топ адамдарга жакшы шарт түзүп бердиңиз. Мечит салуу идеясы кайдан келди?

— Инимдин кайындары көлдө болгондуктан ал жакка көп барчубуз. Көлдүн ар бир айылында жакшынакай мечиттер бар. Ошолорду көргөндө «атаганат ушундай мечиттер бизде да болсо гана» деп ойлочумун. Сурамжыласам мечиттер каржылоонун негизинде салынган экен. Ошондон 2007-жылы муфтиятка барып, эмне документтер керектигин жаздырып алып келип, айыл өкмөттөн жерди сураштырып, кестирип алдым. Жердин документин беш ай дегенде бүтүрдүм. Бишкекке барып, Мураталы ажыдан демөөрчү таап бериңиз десем, таба албасын айтты. Ал эми орун басарына кирсем, жакын эле жерде араптардын уюму бар экен. Бир жигитти дайындап мени ошол жакка жиберди. Ал жердин жетекчиси да үстү жакка жиберебиз, алар акча бөлсө салып бергенге мүмкүнчүлүгүбүз бар дешти. Аны менен кошо Учкун деген акционердик коомго да документтерди тапшырып койдум. Ошол жерде беш жыл жүрдүм. Эки жолу араптардан келген шейхтер менен жолугуштум. Алар да күткүлө деп кетет. Ошентип жүргөндө эшиктин алдынан жыгылып кетип, бутум сынып, төшөктө жатып калдым. Балам мечит дегенди унутуңуз, болду эми дейт. Жатып алып ойлоном,  “элден акча алгам, эртең элге эмне деп жооп берем” деп. Бир күнү сыналгыдан Сулаймандын түбүнө жакшы мечит түшүп, аны «Бүткүл дүйнөлүк жаштардын федерациясы» деген уюм каржылаганын уктум. Уюмду издеп таап, сүйлөшсөм  «30 пайызын төлөсөңөр, салып беребиз» деди. Эл бар эмеспи эптеп табарбыз деп ойлоп, табам дедим.  Бирок ал жылы акча бөлүнүп кетиптир, кийинки жылды күтүүгө туура келди. Кийинки жылы 21000 доллар бөлүштү. 30 пайызды чогултканда аябай кыйналдым. Бири өз каалоосу менен бири мажбур менен беришти. Окуткан балдарыма, куда-сөөгүмө кайрылдым. Өзүмдүн балдарым да кем-карчымды толукташты. Элден 400 миң сомдой акча чогулду. Фундаментин өзүбүз курдук. Жумушчуларды таап беришти. Үйгө жаткыздык, тамак-ашын жалпы эл берди, өзүбүз да бердик. Беш-алты айдын ичинде салынып бүттү. Сентябрда ачылышын жазадык.

IMG_2787

-Мечит салынгандан кийин намаз окуп, мечитке барган адамдар көбөйдүбү?

— Адамдар да туруктуу болбой жатышпайбы. Жаштардан келип, намазга жыгылгандары да бар. Бирок турмуш-шартка байланыштуу кайра кетип калып жатышат. Ал эми улуу муундар баягы советтер союзунда баш ийбей калгандар, дагы деле баш ийишкен жок.

— Жаш үй-бүлөлөргө кандай кеңештериңиздерди айтат элеңиз?

— Мен бул турмушта эмгектенип эле келе жатам. Бала кезибизден эле ата-энем бизди эмгекке тарбиялаган. Ошондо эле чыйрак, эмгекчил болуп өскөм. Атам бизди окугула, башка жумуш калса калсын, бирок окууну калтырбагыла деп окууга дилгир кылып чоңойткон. Ошондо адабий китептерди көп окудум. Ушул убакка чейин атама ыраазычылык айтып турам. Башынан эле кийимге көп кызыкпайм. Колума акча тийсе эле китеп алам. Балдарым заманга жараша жогорку билим ала алышкан жок. Ошентсе да элдин агымынан чыкпай өз оокаттарын кылып келе жатышат. Эмгектениш керек , көп окуш керек. 1978-жылы көчөттөрдү алып келип тиктим. Ар түрдүү жер-жемиштерди айдадым. Ошондон бери жыл сайын жерди иштетип келе жатам. Анын берекесин көрүп, бапырап эле отурам. Эмгектенсеңер баары болот деп айтмакчымын.

Даярдаган: Курманова Мунар.