“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Бүт өмүрүн балдарга арнаган бактылуу жубайлар.

16 Апрель 2017 жыл 21:00
Көрүүлөрдүн саны: 160

Мектептин алдыңкы математика мугалимдери Токтолов Таалай жана жубайы Мамырканова Анара.

IMG_2922

— Саламатсыздарбы? Жогорку окуу жайын чогуу окуп, бирге түтүн булатып келе жатасыздар. Канча жылдан бери чогуусуздар?

— Жогорку окуу жайын бирге окудук, баш коштук, бир жерде чогуу иштейбиз. 31 жылдан бери биргебиз.

— Куштун эки канатындай болуп жумушту да,үйдү да кошо алып жүрөсүздөр. Чогуу бир жерде иштегендин жакшы жагы эмнеде, ошондой эле жаман жагы? Таалай агай: Чогу иштеген жакшы. Бир келип, бир кетебиз, бири-бирибизге жардам беребиз. Качан болбосун бири-бириңди түшүнөсүң. Жаман жагын деле байкаган жокмун.

Анара эже: Мен деле ушуну айткым келет. Кесибиңдин татаал, түйшүктүү экендигин түшүнөбүз. Жаман жагы кесиптештердин алдында бири-бирибизге жаман сөздөр айтылбаса экен дейсиң. Кээде кемчиликтер айтылып калса жаман абалда болосуң.

— “Жаштын тилегин берет” дегендей, сиздер да ушул кесипти бала кезиңиздерден кыялданчу белеңиздер?

Таалай агай: Менин бала кезде ырчы болууну каалачу элем. Буйруктан экен математика факультетине тапшырып, өтүп калдым. Баштаган ишимди таштабай, ушул кесипти аркалап келе жатам.

Анара эже: Мен дагы математика мугалими болом деген оюмда да жок эле. Болсом тарыхчы же кыргыз тилчи болом дечүмүн. Каалаган кесибиме тапшыра албай калдым. Математика факультетинде конкурс жок эле. Өтпөй калды деген сөз калбасын деп тапшыргам. Кийин которулайын деп да аракет кылдым, бирок предметтер бири-бирине туура келбей которула албай койдум. Бул кесипте эмгектенгенибизге 27жыл болду.

— “Алма сабагынан алыс түшпөйт” – дейт. Ата-энеңиздердин кайсы сапатын өзүңүздөрдөн көрө аласыздар?

Таалай агай: Атам кыялы чукул, өтө оор басырыктуу киши эле. Мен апама окшошмун. Бирөөнө катуу айта албайм, көңүлүн кыя албайм, жумшак адаммын. Атам аябай жакшы ырдачу, ырдаган жагым окшош.

Анара эже: Биздин үй-бүлөдө шашма сапат бар. Баарыбыз шашып жүрөбүз. Атам аябай билимүү адам эле. Орусчаны жакшы сүйлөчү, математиканы да мыкты билчү. Көркөм адабияттарды көп окугандыктан, китептерди бат-баттан сатып келчү. Ошолор мага таасир берди. Мен өзүмдөн атамдын сапаттарын көбүрөөк көрөм. Апамдын болсо акыл-насааттарын, кылган иштерин алдым. — —

-Устаттан шакирт өткөндө, устаттын улуулугу таанылат экен. Кандай шакирттерди тарбияладыңыздар?

Таалай агай: Шакирт деле тарбиялаган жокмун. Биз келгенден бери жаңы математик кадр деле келген жок. Мына эми Айпери келип, ага Анара кеңештерин берип жүрөт. Менден кийинки балдарга көп эле кеңештеримди берип жүрөм. Ошолор биздин из менен, биздин сөз менен келе жатышат деп айта алам.

Анара эже: “Устат”, “ шакирт” деген бул аябай чоң сөз дешет экен. “Устатым, шакиртим” деп айтыштын да чоң мааниси бар. Мен Айперинин дайыма” Устатым” деп айтканына, кайрылганына сыймыктанып калам. Кеңеш сурагандарга жок дебейм. Сөзсүз эле мен муну тарбиялап чыгардым деп айткандан алысмын.

— Элибизде: “Эркек киши ашказаны менен сүйөт” – деген кеп бар. Агай, Анара эже ашканада кандай? Кээде тамак жок болуп калса чыр чыгарбайсызбы? Таалай агай: Анаранын тамагынан башка тамактарды көп жактыра бербейм. Муну жаса, тигини жаса деп деле айтпайм. Жасаган бардык тамактары жагат. Тамак жок болуп калса кичине чырт-чырт деп барып басылып калам. Бирок жумушуна жараша кээде кеч келип калганда, мен өзүм деле тамак жасай берем. Мен аны намыс көрбөйм.

— “Жигитке жетимиш өнөр аз” дегендей, биз билбеген кандай өнөрлөрүңүздөр бар?

Таалай агай: Менде көп эле өнөр бар, сүрөт тартам, чиймени жакшы чийем, мурда апамдын шырдагын оюп берчү элем, азыр Анаранын шырдактарын оём. Ырдайм, комуз чертем.

Анара эже: Таалай экөөбүз парник жасап, жер-жемиштерди көп өстүрдүк. Түймөнүн түрлөрүн жакшы түйөм. Ырдайм жана кичине ыр да чыгарам. Бирок жогорку деңгээлде эмес.

Таалай агай: Анара сөзмөр, кырдаалга, учурга жараша сөздү таап сүйлөйт. Ораторлук жагы да бар.

— Жетекчи болуп турган мезгилиңиз менен азыркы учуруңуздун кандай айырмасы бар? Сизге болгон адамдардын мамилесин жетекчиликтен кеткенден кийин өзгөргөнүн байкадыңызбы?

— Таалай агай: Жетекчи болуп он жылдай иштедим. Сөзсүз түрдө жетекчи болуп тургандан, жөнөкөй мугалим болгондо өзгөрүүлөр болот экен. Адам деген ар түрдүү болот тура. Мурунку убагым менен азыркы кезимде бирдей эле мамиле жазаган деле адамдар бар. Азыркы кез менен биринчи жетекчи болгон убагым асман менен жердей. Ал кезде компьютер, интернет деген жок. Тар мектепте баарын өзүм ойлонуп, өзүм жазып жүгүрчү элем. Азыр эмне интернетке жазып койсоң баары чыгат экен. Чындыгында чыгармачылык менен кыйын кезде иштедим. Мага ошол кездеги иштегеним аябай сабак болду. Ал эми менин мүнөзүмдө мунунку убак менен азыкы убактан эч кандай деле өзгөрүү жок.

Анара эже: Таалай деле, мен деле бой көтөргөн жокпуз. Коллективде көбүнчө аялдар иштегендиктен, көп сөз аялдардан чыгат да. Таалай да бирин укса, бирин уккан жок. Мен көп сөздөрдү уктум. Кээде мектепке келгим келбеген учурлар болду. Бирок бааланбай калган нерсе кийин бааланаарын, жаман нерсе ошол жаман бойдон калбай жакшы болот экен, жакшы нерсе кечке эле жакшы боло бербейт экен деген нерселердин баарын түшүндүм. Кээ бир адамдардын мүнөзүнүн, жасаган мамилесинин өзгөргөнүн көрдүм. Ал эми ар бир адамдын мүнөзүнө жараша болуш керек. Мен азыр ойлонуп баа берем, Таалай учурунда жакшы кадрларды тандап алыптыр. Азыр ал кадрлардын бардыгы күчтүү мугалимдер болушту.

Маектешкен: Курманова Мунар.