“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Биздин мектепте “Жаш мугалим-2017”, “Жыл мугалим-2017” кароо сынактары 27-март күнү болуп өттү. Бул сынакка Асанбеков Нурсултан “Жаш мугалимге”, Рахматова Наргиза “Жыл мугалимге” катышышып байгелүү орундарды алышты. Сынактан 1-орунга ээ болуп, райондук турга жолдомо алган тарых мугалими Асанбеков Нурсалтанды кепке тарттык.

16 Апрель 2017 жыл 20:51
Көрүүлөрдүн саны: 120

IMG_9396

— Саламатсызбы? Жеңишиңиз кут болсун! Калыстар көбүнчө эмнеңди баалашты? Жеңем деген ишеничиң бар беле?

— Чоң ырахмат! Калыстар педагогикалык таланттың бар экен деп айтышты. Өзүм да көптөн бери мугалимдердин иш кагаздарына жардам берип келем. Ошол чеберчилигимди да баалап кетишти. Жеңишке жетишем деген деле ой жок болчу. Сынактын жыйынтыгын уккандан коркуп жаткам. 1-орун дегенде таң калдым, бир чети сүйүндүм.

— Канча катышуучу менен таймаштың? Алардан сенин өзгөчөлүгүң эмнеде болду?

— Үч катышуучу менен ат салыштым. Үчөөбүздүн тең деңгээлибиз бирдей эле экен. Мындай сынактарга көбүнчө эркек мугалимдер аз катышкандыктан, мени жалгыз эркек мугалим дешип, аял мугалимдер менен тең тайлашып даярданып катышканымды өзгөчөлүгүм катары баалашты.

— Райондук турга даярдык кандай? Кандай көрсөтмө курал жазасам деп пландап жатасың?

— Даярдык акырындык менен болуп жатат. “Ата Мекендик согуштагы баатырлардын эрдиктери” деген тема туура келет экен. Темага байланыштырып согуштагы баатырлардын айкелдерин жана согуш боюнча карта жазайын деген ой болуп жатат. Ошондой эле иш кагаздарымды да ирээттеп, жокторун толуктап жаткан учурум.

— Өзүңдүн мурунку кесибиң информатика тармагы эле. Андан тарых жаатына өтүп кетүүңө эмне себеп болду? Бири-бирине коошпогон предметке өтүүдө өздөштүрүп кете албай калам деп корккон жоксуңбу?

— Информатика жагын бюджет менен окугам. Бүтө электе эле мектепке катчы болуп иштеп баштадым. Үч жыл иштедим, ошондо тарых мугалими жетишсиз экендигин көрүп, тарых факультетине сырттан окуу бөлүмүнө тапшырдым. Аны бүтүп тарых мугалими болуп орноштум. Иштеп баштаганда информатикага караганда тарых абдан кызыктуу экенин байкадым. Башында коркунуч болгон, бирок китептерди көп окуп,тарых тууралуу маалыматтарды изилдеп отуруп азыр жакшы эле өздөштүрүп калдым деп айта алам. Информатканы да тыштап салбай, тарых экөөнү байланыштырып, жаңы технологиялар менен сабак өткөнгө аракет жазап келем.

Даярдаган: Курманова Мунар.