“Учкун” жамааттык мультимедиа борбору

Нарын району, Учкун айылы

Мектепте, бала бакчада биздин балдар кандай тамактанып жатышат?

16 Апрель 2017 жыл 21:04
Көрүүлөрдүн саны: 214

Келечек балдардын колунда эмеспи. Андыктан кичинекей кезинен эле балдарыбызды туура жолго тарбиялоого аракет жазап келебиз. Ошону менен катар туура тамактануу да балдардын дене боюнун өсүшүнө, акыл-эсинин жетиктигине да таасир тийгизет. Мектепте, бала бакчада биздин балдар кандай тамактангандыгы, азык-түлүктөрдүн сакталышы, алардын тазалыгы тууралуу ашпозчуларга суроо узаттык.

1. Саламатсыздарбы? Атайын билимиңиздер барбы? Иштегениңиздерге канча жыл болду? Бул кесиптин оорчулугу эмнеде?

2. Балдарга тамак берерде эмнесине көбүрөөк көңүл бөлөсүздөр?

3. Сиздерге азыктар кайдан келет? Канча убак сакталат же канча убакта азыктарды алып турасыздар?

4. Тамак жазарда санитардык эреже толугу менен сакталабы, же кээде шашылыш болуп калганда “бармак басты, көз кысты” кылып койбойсуздарбы?

5. Ата-энелер үчүн балдарынын мектепте, бала бакчада кандай тамак жеп жатышканы маанилүү да. Бир жуманын тамактарынын тизмегин айтып берсеңиздер?

IMG_3100 — копия

Мектептин ашпозчусу Нүргүл эже:

1. Мен Айыл чарба жана курулуш техникумунун ашпозчулук факультетин окуп бүтүргөм. Бул кесиптин үсүндө эмгектенип келе жатканыма 21 жыл болду. Ал эми мектепте иштегениме 4 жылга кетти. Бул жумуштун оорчулугу деп жоопкерчиликти эсептейм. Ар бир баланын ичкен тамагы чоң жоопкерчиликти талап кылат.

2. Тамакты бышырарда анын тазалыгына көңүл бөлөм, ал эми тамак берерде анын бышканын карайм. Себеби тамак биртке эле туура эмес болуп калса, балдардын ичин көптүрөт же кустурат. Ошондуктан жакшы бышышына талапты жогору коём.

3. Бизге азыктар тендер аркылуу Нарындан Бакыт деген соодагер алып келет. Өкмөттүн 10 сомдук азыктары тендер аркылуу ай сайын келет. Бизде бир ай муздаткычта сакталчусу ага салынат да, кургактары атайын сактоочу жерибиз бар, ошол жерде сакталат. Ал эми ата-энелердин салымына жер-жемиштерди алабыз. Ал жума сайын алынат.

4. Бизде санитардык эреже толугу менен сакталат. Анткени мед айымыбыз бар. Ата-энелер өздөрү уюштуруп беришкен. Тамакты бышырардагы эрежелерди, тазалыктарын карайт жана ошондой эле балдардын да тазалыгын карап, тырмактарын текшерип тамакка киргизет. Балдардын да тазалыктары жакшы деңгээлде болуп калды.

5. Ар жуманын тамактары ар башка. Бул жуманыкын айтсам 1-күнү эт менен кесме, 2-күнү манный каша, 3-күнү гречка, 4-күнү самсы, 5-күнү каша. Булар алмашып турат. Кийинки жумаларда буурчак шорпо, күрүч, борщ, дымдама, беш бармак, мастаба жана башка суюк тамактар жазалат. Бир тамакты кайталабай жазаганга аракет жазайбыз. Мындан манный каша менен күрүч каша гана кайталанып турат.

IMG_3114

Бала бакчанын ашпозчусу Нурай эже:

1. Лицейдин ашпозчулук жагын бүтүргөм. Иштегениме быйыл жети жылга кетти. Балдарга сапаттуу тамак берсең жумуштун оорчулугу деле билинбейт.

2. Берген тамактардын сапаттуулугуна, аш болумдуулугуна көңүл бөлөм. Андан сырткары витаминдүү тамактарды көп бергенге аракет жазайм. Балдардын ден соолугунун чың болушу, дене боюнун туура өсүшү бул тамакты туура берүү менен байланыштуу. Ошондуктан ар бир жазаган тамагымдын балдарга керектүү азыктардан болушуна басым жазайм.

3. Бизге азыктар тендер аркылуу Нарындан келет. Жума сайын келип, тыштап кетишет. Бизде азыктар бир жума гана сакталат.

4. Санитардык эрежени дайыма сактайбыз. Канча баланын коопсуздугу биздин колубузда. Алардын ар бирине жооп беребиз. Ошондуктан ашканабызды, идиштерибизди, жер-жемиштерибизди дайыма тазалап, көзөмөлгө алып турам. Ар бир азыктын тазалыгына көп көңүл бөлөм. Себеби биртке таза эмес азык баардык тамакты бузуп коёт. Тарбиячылар да, алардын жардамчылары да балдардын тазалыгын карашып, тамак ичээрде колдорун жуудурушат. Бизде санитардык эрежелер толугу менен сакталат.

5. Бир жумалык тамактардын тизмеги түзүлөт. Жума сайын кайталабай, башка-башка тамактарды бергенге аракет жазайбыз. Дайыма эртең менен келгенде сүт чай менен нан, кечинде кашанын түрлөрү менен беребиз. Бул жуманын тизмегин айтсам 1-күнү эт менен кесме, салат, каша, 2-күнү гуляш эт менен, компот, манный каша, 3-күнү эт менен күрүч шорпо, кызылча салат, таруу каша, 4-күнү мампар камыр менен, капуста салат, геркулес каша, 5-күнү эт менен чечевица жанына рожки кошулат, күрүч каша.

Даярдаган: Курманова Мунар.